Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебине жаңы компьютерлер берилди. Жаңы техникалар айыл тургуну Орозбек Кайыковдун жазган долбоорунун арты менен алынган.
Орозбек Кайыковдун жазган долбоору менен Карасаев айыл өкмөтүнө жыйырма сегиз компьютер берилген. Компьютерлер аталган айыл аймагындагы үч мектепке бөлүнүп, алардын ону Коёнкөзов мектебине тапшырылды.
Кайыковдун кошумчалашынча, долбоор Корея өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашкан.
Коёнкөзов мектебинин директору Калык Албанов мурда мектепте алты гана компьютер иштегенин айтып өттү.
“Биздин мектепке жаңы типтеги он компьютер жана интерактивдүү доска келди. Бул биз үчүн абдан жакшы нерсе. Мурда мектепте он компьютер болсо, анын алтоо гана иштеп жаткан. Жаңы компьютерлердин келиши менен окуучулардын билим алуусуна жакшы шарт түзүлмөкчү”, — деп билдирди Албанов.

Мектеп окуучусу Албина Марсел кызы “Информатика сабагын өтүүдө компьютерлер тартыш болуп калчу. Учурда мектепке жаңы типтеги компьютерлердин келиши биз үчүн абдан жакшы жана биз билим алууга да жакшы шарттар түзүлдү” деген оюн айтты.
Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн