Жайыл районунун Кара-Суу айылында 2013-жылдын 7-февралында ЮНЕСКО, Клооп жана Кара-Суу айыл аймагынын кызматташтыгы аркылуу «Ак кептер» жамааттык мултимедиа борбору ачылган. Андан бери төрт жыл өтүп кетиптир.
Кара-Суу айылында ачылган жамааттык мултимедиаборбор республикабыздагы алгачкылардан эле. Азыр болсо Кыргызстанда 28 жамааттык медиаборбор иштеп жатат.
Бул борборлор республикабыздын ар кайсы аймактарында орун алган. Негизинен, баардыгы алыскы райондордо жайгашкан.
2013-жылдын 7-февралынан бери “Ак кептер” деп атап алган жамааттык мултимедиа борбордо координатор болуп иштеп келе жатам. Биздин ишке айлык акы төлөнбөйт.
Медиаборбордо иштеш кызыктуу болгондуктан, жетектеп келе жатам. Дагы бир себеп – алгачкылардан болуп айылга, 2003-жылы Тынчтык корпусунан эки компьютер утуп келдим эле. Андай компьютерлер райондо чанда жерлерде бар эле.
Компьютерде иштегенди улуу баламдан үйрөнгөм. Ал КМУда информатикалык системалар жагында окуган. Анан окуучуларды үйрөтө баштадым. Ар кандай оюндарды үйрөттүм, терип, принтерден чыгарганды жана башка майда-барат нерселерди үйрөттүм.
Ошентип балдар да кызыга башташты. Убакыт өтүп, мектепке компьютерлер да келе баштады, смартфон дегендер көбөйдү. Ар бир үй-бүлөөдө мобилдик телефон пайда болду.
2013-жылдын февраль айында Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Жээнбаева Насипа Елибаевна “Бизде бир долбоор ишке ашып, жамааттык медиаборбор ачылган жатат, ошол борборду жетектеп бербейсизби” деп кайрылды.
Мына ошондон бери биздин айылдагы жамааттык медиа борборду жетектеп келе жатам.
Борборубузда ыктыярчылар иштешет. Бишкеке барып, Клооп уюштурган тренингдерге катышып, журналистиканын негиздерин үйрөндүк, интервью алганды, монтаж жасоону, аудиорепортаж жасап сайтка жибергенди, көп нерселерди окууларга катышып үйрөндүк. Дагы эле окууларга, тренингдерге катышып, жаңы нерселерди үйрөнүп келе жатабыз.
Биринчи жылдары ар кандай сынактарга катышып, ийгиликтерди жараттык. Мисалы: “Окуучулардын тамактануусу” боюнча темада репортаж менен конкурска катышып, биринчи орунга ээ болуп, планшет менен сыйланганбыз. Аны бизге БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Аванесов А. өзү тапшырган.
Биздин медиа борбордун төрт жылдан бери иштеп келе жаткандыгында Клооптун салымы өтө чоң, анткени биз алар менен тыгыз байланышта иштеп келе жатабыз.
Клооптун жардамы менен минидолбоорлорду жазып, үч проектибиз алар аркылуу колдоого алынып, биз “Маалымат бюллетени”, “Ставрополовка айылында “Ак кептердин” филиалын ачуу” жана “Айылдагы жаштардын көйгөйлөрү тууралуу документалдуу фильм тартуу” аттуу үч долбоордун ар бирине бизге үч миң доллар суммасына ар кандай жабдуулар сатылып берилди.
Алардлын баары азыр иштеп жатат. Ставрополовка айылында Кыргызстандагы 28 медиаборбор иштеп жатат. Биздин ыктыярчы тренерлерибиз аларды окутуп жатышат. Биринчи аудио жана башка репортаждары чыга баштады. Рупор орнотулуп, “Ставропол” айылында филиалдын волонтерлору чыгарган жаңылыктар бериле башталды. Филиалдын жетекчиси болуп, “Ставропол” орто мектебинин мугалими Марусич Татьяна Михайловна тандалып алынды.

Дагы бир ийгилик — ассоциация тарабынан жакшы иштеген ЖМБ деп тандалып, Германияга Кыргызстандын ЖМБларынын делегациясы менен маалымат алуу иш-сапарына «Ак кептердин»координатору катары барып кайттым.
Мына, ошентип, биздин жамааттык медиаборбор төрт жылдан бери айылыбыздын, Кара-Суу айыл аймагынын өсүп-өнүгүшүнө аз да болсо өз салымын кошуп, иштеп келе жатат.
Даярдаган: Чакчагаев С.