Лейлек районуна караштуу “Сары-Дөбө” орто мектеби беш күндүк окуу системасына өткөнүнө эки жума болду. Учурда жаңы окуу системасы кандай болуп жатканы тууралуу мектептин окуу бөлүм башчысына суроо узаттык.
”Сары-Дөбө” орто мектебинин окуу бөлүм башчысы Бүадалат Тойчубаеванын билдиришинче, мугалимдер жана окуучулар беш күндүк окуу системасына көнүп калышты.

“Азыр биз башка мектептердей эле беш күн окуп жатабыз. Бир гана 9-класстын сабагы көп болгондуктан 6-күну дагы 2 сабак окуп жатат. 5-11-класстын окуучулары 6-күн келип атайын ийримдерге катышып жатат. 11-класска кошумча ЖРТга даярдык сабактары өтүлүүдө”, — деп токтолду Тойчубаева.
11-классынын окуучусу Асел Каарова жаңы окуу системасы башталганда кыйынчылыктар болгонун айтат.

”Себеби күнүгө алты сабактан өтүп жатабыз. Бирок эң жакшы жери 6-күну кошумча сабактарды окуп, ЖРТга мугалимдерибиз менен чогуу даярданып жатабыз. Бул биз үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк”, — деди ал.
Даярдаган: Берметай Каныбек кызы
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн