Лейлек районундагы Искра айылынын тургуну Кыдыр Тойчубаев 2016-жылдын октябрь айынан бери күнөсканада чарбачылык кылып, эмгектенип келет. Учурда күнөсканага ал көк чөптөрдү өстүрүп, кардарларга сатып, эмгегинин үзүрүн көрүүдө.
Бул тууралу Кыдыр Тойчубаевдин жубайы Күмүшай Тойчубаева менен маек курдук. Айтымында, бул күнөскананы куруу үчүн 197 миң сом акча сарпталган.
«Кышында элге пайдалуу болушу үчүн укроп, бадыраң, пияз жана башка ушундай пайдалуу жашылча чөптөрдү эгүүнү көздөп, күнөскана курууну ойлогонбуз. Бул тууралу АКТЕД уюумуна кайрылганбыз. Алар бизге күнөскана куруу үчүн 197 миң сом акча бөлүп берген. Ал акчага ушул күнөскананы курдук. Учурда жумуш жакшы болуп жатат. Күнүнө чөптөрдү отоп, тазалап турабыз», — деп айтып берди Тойчубаева.

Тойчубаеванын билдиришинче, күнөскананы жылытуу үчүн күнүнө бир-эки каптан ашык көмүр жагылат.

«Канчалык жылуу болсо чөптөргө ошончолук жакшы болот. Жакында мүмкүнчүлүк болсо, бул күнөскананы чоңойтуп, бадыраңды көбүрөөк эгүүнү көздөп жатабыз. Көк чөптөрдүн уруктарын Лейлектен эле алганбыз. Көк чөптөрдөн тапкан киреше үй-бүлөбүзгө жетип жатат. Ушинтип иштетсе болот экен», — деп кошумчалады Тойчубаева.
Даярдаган: Бахтияр Насирдин уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн