Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында 2011-жылы болгон кыргыз- тажик элдеринин араздашуусунан жети үй өрттөнүп, 15тен ашуун үйлөр талкаланган. Учурда эки элдин бири-бирине болгон карым-катнашы кандай болууда?
Бул тууралуу Андарак орто мектебинин мугалими Сухроб Эргашев менен маек курдук. Ал чырдын чыгуусунун бир канча себептерин айтып берди.

«Учурда кыргыз-тажик мамилеси аябай жакшы. СССР убагында да жакшы болгон. Чырдын чыгуу себептери төмөнкүдөй: көчөдө кыргыз, тажик улутундагы жаш балдар бири-бирин түшүнбөстүктөн мушташа кеткен. Бул чырдын чыгуусуна себеп болгон. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин жумушсуздук көбөйүп, жаштардын тарбиясы, көз караштары да башкача болуп калганы да бир себеп. Учурда эки улуттун ортосунда ар кандай иш чаралар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эки улуттун мамилеси жакшы жолго коюлган», — дейт ал.
Айыл тургуну Адылжан Хажиев учурда эки элдин бири-бирине болгон мамилеси өтө жакшы экендигин айтат.

«Элибиз тынч. Мамилебиз өтө жакшы. Көчөдөн карасаң кыргыз, тажик бири-бири менен жакшы учурашат. Бул бири-бирибизге көрсөткөн сый мамиле болуп саналат. Балдарыбыз мектептен кыргызча билим алып Бишкекке барып окуп жатат. Бул эки элдин ынтымагы жакшы дегендик», — деп айтты Хажиев.
Даярдаган: Бахтияр Насиридин уулу
Редактору: Данияр Исакбев
Сынак үчүн