Нарын райондук драма театрынын актёрлору «Чыпалак бала» жомогун жер-жерлерде коюп жатышат. Бул жолу алар Куланак айылына да келишти.
Нарын драма театрынын чыгармачыл жамааты жер-жерлерге спектакль коюу үчүн февраль айынын башында өз сапарын баштаган. Теартрдын жетекчиси Гүлмира Нурдинова буларды айтты.
— Биз 1-февралдан тарта айылдарга ар кандай жомокторду коюп жатабыз. 1-февраль Учкун айылында, 2-февраль Куланакта, 3-4-февралда Жан-Булак, Достук айылдарында болобуз. Мындан кийин дагы жомокторубуз бар, аларды кийинки келгенибизде көргөзмөкчүбүз.
Жомок каармадарынын бирин ойногон театр кызматкери Айгүл Сатыбалдиева «Адеп, ыйман жана маданият жылына» карата атайын «Чыпалак бала» жомогу тандалып алынганын айтат.
— Мектеп окуучуларын ыйманга тарбиялаган «Чыпалак бала» жомогу көргөзүлүп жатат. Биз биринчи Учкун айылынан баштадык. Дагы көптөгөн жомокторубуз бар, буйруса жаңы-жаңы жомокторду коёбуз деген ойдобуз. Биз 15-февралга чейин Нарын районун жалпы бала-бакчаларына жана мектептерине кыдырып коюп чыгабыз.

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Наргиза Капысова жомокту сахналаштырып берген театр кызматерлерине ыраазычылыгын билдирди.

— Буга чейин биз кагаз жүзүндө сүрөттөрдү көргөзүп сабак өтүп жүргөнбүз. Мындай иш жүзүндө келгени жакшы болду. Окуучуларга абдан жакшы таасир калтырды деген ойдомун. Балдардын көпчүлүк бөлүгү көрдү, жакшы болду.

Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн