Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында жайгашкан «Андарак» орто мектебинде бир класс оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кыргыз тили бөлмөсү ачылды. Анда окуучулар ар кандай тесттерге жана олимпиадаларга окуп даярданып жатышат.
Бул тууралуу «Андарак» орто мектебинин кыргыз тили мугалими Зухур Фахриддинов билдирди. Айтымында бул бөлмөдө сабактар кыргыз тилинде өткөрүлөт.

«Мектебибиздин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сухроб Эргашевдин демилгеси менен ушул класс оңдоп түзөлүп, жаңыланып ишке берилди. Бул жерде 9-10-11-класстын окуучулары ЖРТга даярданышат. Мектеп тажик тилдүү болгондуктан биздин милдетибиз окуучуларга кыргыз тилин үйрөтүү болуп саналат», — деп билдирди Фахриддинов.

Аталган мектептин 11-классынын окуучусу Кудайназар Артыков жаңы ачылган кыргыз тили бөлмөсүндө жалпы республикалык тестке даярданып жатат. Ал кыргыз тили сабагы боюнча райондук олимпиададан 2-орунду да ээлеген.

«Класс 15 күндөн бери иштеп жатат. Бул жерде сабак өткөн мага аябай жагып жатат. Агайыбыз да аябай билимдүү киши. Анткени ал бизге сабакты берилип, кызыктырып өтөт. Окуучулар да жакшы окуп жатат. Мага кыргыз тилин үйрөнүү кыйынга деле турган жок», — деп айтты Кудайназар.
Даярдаган: Бахтияр Насиридин уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн