Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинин учурдагы негизги имараты мындан 60 жыл мурда салынган. Мектеп имаратынын эскилиги жеткендиктен улам 2014-жылы жаңы курулуш иштери башталып ушул күнгө чейин колдонууга бериле элек.
Мектеп 1958-жылы салынган. Ошол мезгилден бери билим уясы үзгүлтүксүз оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп келет. Андан тышкары 1970-1978-жылдарда болгон эки жер титирөөгө кабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мектеп имаратын 2014-жылы жараксыз деп таап, жаңы мектеп курула баштаганына үч жыл болоюн деп калды. Бирок курулушу иштери али да болсо бүтпөй, токтоп турат.

Коёнкөзов мектебини директору Калык Албановдун билдиришинче, бюджет тартыштыгына байланыштуу курулуш иштери токтоп калган.

“Жаңы мектептин салынышына жалпы 55 млн акча каралган. Бул сумманын 47 млн 700 миңге тендер жарыяланып, Бишкек шаарындагы Эне-Сай фирмасы утуп алган. Ошол фирма 2014-жылы мектепти кура баштаган. 2014-жылы мектепке 2 млн, 2015-жылы 3 млн сом каралып, ал эми 2016-жылы бюджеттеги акчанын тартыштыгына байланыштуу акча бөлүнбөй, мектептин курулушу токтоп калган. Негизинен быйыл мамлекеттик курулуш тарабынан курулуп жаткан объектилерди аягына чыгарабыз деп айтылып жатат. Биздин мектеп да ушул 2017-жылы курулушу кайра жанданат деген ишеничте турабыз”, — деп билдирди Албанов.
Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн