Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2018- жылга карата мал жоготуу фактысы боюнча жалпысынан 29 факты катталып, анын ичинен 18 фактысынын бети ачылып мал ээлерине кайтарылып берилген.Мындан тышкары мал уурулук боюнча 7 факты катталып анын алты фактысына Кыргыз Респубилкасынын Жаза кодексинин 165 беренесине ылайык 6 кылмыш иши козголгон. Азыркы күндө мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинин 90 жана 200 беренесине ылайык иш алып барылууда. 90-берене бул Жорук ал эми 200-берене Кылмыш болуп экиге бөлүндү. Токтонунчу берене менен кармалган адамдарга 10000 сомго чейин айып пул салынып ал эми 200-бере менен кармалгандар үчүн кылмыш иши козголот. Азыр жер жерлерде мал уурулук жана мал жоготуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгыг Жети-Өгүз районунун ички иштер кылмыш иликтөө бөлүмүнүн милициянын ага лейтенанты Мирлан Абакиров буларга токтоло кетти:
«2018 жылы баардыгы болуп мал жоготуу болуп 29 факты катталган. Мал жоготуунун 18 фактысы табылып мал ээлерине кайтарылып берилген. Мал уурулук фактысы боюнча 7 факты катталган, ошноун 6 кылмышынын бети ачылган. 165 беренеси менен кылмыш иши козголгон. Төрт адам кармалган, жети фактысы 165-беренеси менен иш козголгон Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодекси, алты кылмыштын бети ачылган. Жаӊы мыйзам чыкпадыбы азыр 200 анан 90-берене болуп ,жоруктар жана кылмыш. Бир жарым айдын ичинде 10 факты катталды мал уурулук фактысы боюнча. Ошонун төртөнүн бети ачылды азыркы тапта».


Сүрөт интернеттен алынды
Азыркы күндө айыл жеринде жумуштун жоктугунан жаштар жеӊил акча табуунун максатында мал уурулука барып жаткандыгын айыл тургуну Ширин Абдыкадырова буларды айтып өттү:

«Жумуштун жоктугунан айылда анан балдардын тартипсиздигинен. Патрулдарды, айыл аксакалдарын, милициялардан, жаштар уюумунан, ата-энелерден баары чогулуп группа түзүп алып рейд менен түшүндүрүү иштерин айтса болот го деп ойлойм.»
Даярдаган: Эрлан Абласов, Байэл Алымбеков