Нарын облусунда жыл сайын музыкалык мектептер арасында конкурстар өтүлүп келет. Буга чейин Нарын шаарында, Жумгал, Кочкор, Ат-Башы районунда өтүлүп келген. Быйыл сынак Ак-Талаа районунун Нурак Абрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинде өтүлмөкчү.
Сынакка 7 музыкалык мектеп катышат жана 6 жанр боюнча өткөрүлөт: фортепиано, комуз, баян, аккордеон, үйлөмө аспап жана ырдоо ар бир жанр боюнча сыйлоо 1,2,3 орундар менен белгиленет. Мындан сырткары өзгөчөлөнгөн катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылмакчы.Сынак 2019-жылы 11-майда өткөрүлөт жана мурунку эки жыл аралыгында өткөрүлгөн сынактарда баш байге, 1-орундарды алган катышуучулар сынактан четтетилет. Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин директору Артыкбаева: «Сынак улуттук маданиятыбыздын сүйүүгө, жаш муундарды кыргыз музыкасына, дүйнөлүк классикалык музыкага болгон кызыгуусун арттырууга багытталган. Ошондой эле областагы маданий массалык иш- чараларды жандандыруу, аткаруучулук өнөрдү өркүндөтүү, райондон чыккан залкар инсандардын чыгармачылыгын кийинки муундарга калтыруу, жаш өнөрпоздорду чыныгы музыкага тарбиялоо. Окуучулардын билим сапатын жакшыртуу, мектептер аралык музыкалык билим берүү ыкмасын жандандыруу максатында өткөрүлөт», -деди. Жоболор тиешелүү жерлерге жиберилди.

Жумгал районунда конкурста, 2018-жыл.
Даярдаган: Муктарова Аймырза