Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектептин окуучуларына Ак үйгɵ экскурсия уюштурулду.
Жоон топ окуучуларды коштоп, аталган мектептин мугалимдери барышты. Балдарды жогорку кенештин СДПК партиясынын депутаты Абдувахап Нурбаев тосуп алды. Алгач Ак үйдүн китепканасы менен тааныштырып, андан сон жыйындар ѳтүүчү залга кирип талкууга күбѳ болушту. Эл ѳкүлү келечек ээлеринин кызыккан суроолоруна жооп берип, кеп-кеңештери менен бѳлүштү.
Ал эми окуучулар, эл ѳкүлдѳрүнүн кеңешчи, жардамчылары жаш улан-кыздар экенине күбѳ болушу аларды таасирленткенин жашырышкан жок.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова