Ош облусунун Ноокат районунун жаштарынын көйгөй аныктап чечүүсү, Жашстан долбоорунун алкагында чакан долбоор утуп, медреседеги кыздардын өнүгүүсүнө салым кошушту.

Жашстан долбоору Кыргызстандагы жаштар үчүн арналган биринчи долбоор болуп эсептелди. Кыргыз Республикасы боюнча өзүнө 6 областты камтып, алардан 27 айыл аймактар катышты, ар бир топто алтыдан окуучу балдар, 14 жаштан 28 жашка чейинкилер. Долбоорду окуп үйрөнүшүп, Кыргызстандагы жаштардын көйгөйлөрүн, маселелерин таап, ошолордун чечүү жолдоруна арналып, окуу жүргүзүлүп, кичи долбоор жазып, ушул долбоордун негизинде 73500 болду, аны медресенин кыздарынын өнүгүүсүнө деп жазып, 4 тигүүчү машина алып кыздарды жакшы билим алуусуна салым кошушуп көптөгөн жаңы маалыматтарды үйрөтүштү.

Долбоордун катышуучусу Зиядат Исмаилованын айтымында: «Мен Жашстан долбооруна воркшопторго катышып жүрүп, волонтёр болуп андан кийин Мирмахмудов локациясына кошулуп калдым. Бул долбоор мен үчүн эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болду. Өзүмдүн лидерлик сапатымды жогорулатып, жаңы маалыматтарга ээ болдум, менин жашоомдо жаңы ачылыштар болду десем болот. Биз ушул доолбоор аркылуу өзүбүздүн проекттерибизди ишке ашырдык, алардын бири, медреседеги кыздардын светтик билим алуусуна мүмкүнчүлук түзүү болгон. Биз аларга тигүүчү машиналарды алып бердик жана воркшопторду өтүп бердик»,-деп билдирди Исмаилова.

Окуп жаткан Айгүл Баатырбек кызынын айтымында: «Бизге бул долбоор аябай жакты, баарыбыз абдан кубанычтабыз, анткени, бизге дагы да болсо мүмкүнчүлүк болуп жатат. Бир эле медреседе окуп, илим менен чектелбестен өзүбүздү ар тараптан өнүктүрүү максатында кийимдерди, кызга септерди тигип үйрөнүп жатабыз»,-деп билдирди Баатырбек кызы.
Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы