Быйылкы тарых жана маданият жылына карата Токтоян айылында ыр кесе болду. Бул ыр кеседе айылга өз салымдарын кошкон белгилүү инсандардын жасаган иштерин чагылдырып, көрсөтүп беришти.
Кечеге катышкан мугалимдердин бири Аскат Шабданбаев буга чейин да ушундай ыр-кеселерде айылдын ийгиликтерге жетишип келгендигин төмөнгүчө айтып берди.
“Ушундай ыр кеселер 2005-жылдан бери аймактар боюнча өткөрүлүп келет. Буга чейин да райондук деңгээлде өткөрүлгөн ыр кеселерде биздин айыл ар дайым ийгиликке жетиштик. Бүгүнкү кече ушул айылдын жашы карысы дебей катышып бергендиги менен өзгөчөлөнүп турду”, — деди Шабданбаев.
Кеченин катышуучусу Сыймык Абдыкайыров быйылкы ыр-кесенин сценкалары өзгөчө болгондугун айтып берди.
“Мен буга чейин ыр-кесеге катышып көргөн эмесмин. Мурдатан комуз чертип келгендиктен, бүгүн комуз чертип катышып калдым. Ыр кесенин сценкалары абдан өзгөчө болду, элге да жакты деп ойлойм”, — дейт Сыймык.
Бүгүнкү ыр кесеге күбө болгон айыл тургуну Райыкул апа мындай деди.
“Бүгүнкү ыр кесе мага абдан жакты. Анткени көптөгөн номерлер жана сценкалар да көрсөтүлдү. Дагы да ушундай ыр кселер көп болуп, айылыбыздын маданиятты гүлдөп өнүксө дейм”, — деди ал.
Даярдаган: Адилия Мундукова