Биздин күнүмдүк жашообузда ишкер деген түшүн үктүн киргенине аз убакыт эмес убакыт болду. Албетте ишкердүулүктүн көп түрү бар. Эгер жеке ишкер деген өзүнө аныктама бере турган болсок анда бул — бул юридикалык формалардын төмөнкү тепкичи. Демек жаңы ишкерлик баштагандар ушул тепкич менен жүрүп отурат. Баетов айылынын 28 жаштагы тургуну, эмеректерди жасоочу кичи ишкананын ээси, Ниязов Айбек ишканада жыгач менен иштөөгө басым коебуз дейт.
10 жылдан бери мебель менен иштеп келатам.Көбүнчө жыгачка басым коебуз.Эшик, терезе, мебелдин бардык түрүн жасайбыз.
Эмерек жасоочу каражаттарды кайдан аласыздар?
Бишкектен алып келебиз. Кургатылып, даяр келет. Россия соснаныснан жасалат. Бутагы азырак келет.
Эмерек жасоо менен эл кызматында келаткан кичи ишканада кардарлар көбүнчө күнүмдүк тиричиликке колдонуучу буюмдарга буйрутма беришет. Кардарларга туура мамиле жасап, алардын кызыкчылыгын ойлоо ийгиликке жеткирет. Баетов айылынын тургуну Каниева Назира жеке ишкердин ишкердүүлүгүндөгу айрым жагдайларды белгиледи.
Бул цех туралуу угуп келип ашкана жана компьютер үчүн стол заказ берип жасаттым. Оюмдагыдай жасап беришти. Өзүлөрү жаш болсо да кардарларга жакшы мамиле жасашат экен. Бир артыкчылыгы акысын 2-3кө бөлүп төлөөгө мүмкүндүк беришти. Сага женил болду. Дагы заказ берейин деп жатам.
Каарманыбыз жыгач устачылык боюнча атайын билим алган эмес. Учурунда Россияда иштеп акча топтоп, өз каражатына ушу кичи ишкананы ачкан. “Акча барын чечет. Бирок бизге жасалган эмеректин сапаты маанилүү дейт”
Мен 2004-жылы бир адамдын кол алдында иштеп, ошол жерде эмерек жасоону үйрөнгөм. Андан сон Россияга барып акча топтоп келип, станокторду сатып алдым. Биз кичине нерсе жасасак да сапатына көңүл коебуз. Алдыдагы максатыбыз бул жерге устачылык боюнча окуу курсун ачуу. Жаны окуу жылы менен чечилип калат деп күтүп жатабыз.
Баардык ийгиликтин сыры ошол ийгиликти жараткан адамдын адамдык сапатынан көз каранды болот. Эгер сенин башкалардан он эсе акылдуу болгонуӊ менен айланадагы адамдар менен тил табыша албасаӊ, алардан өзүӊдү жогору койсоӊ, өз кызыкчылыгыӊдын артынан түшүп алсаӊ ийгилик жарата албайсыӊ. Жаратсаӊ да анын өмүрү өтө кыска болот. Андыктан уучтап акча кармасак да адамдык сапатыбыз эсибизден чыкпасын.
Даярдаган: Г.Мамытбекова