Доллар курсунун уламдан-улам өзгөрүп туруусу ишкерлердин кээбирлерине пайдысы тийсе, ал эми кээбирлерине залалы тийип жатат. Азыркы учурда доллардын курсу болжол менен 68 сомду түзөт жана ошондой эле Кыргызстанда 23 миӊ киши чет өлкөлүк валюталар менен насыя алышкан.
Кызыл-Булак айылында Болжол менен айтканда доллар акчасы менен иштеген ишкер жокго эсе. Даллар курсу өзгөрүп туруусуна Ноокат районундагы Кулатов айылынын жеке ишкери Абдижамил Абдижалилов өз оюн төмөндөгүчө билдирди.
“ Биздин бизнеске эч доллардын тиешеси жок, бизнесибизди сом менен гана жүргүзөбүз. Доллар менен эми иштеше баштайбыз куда кааласа балл алган болсок ошондо көрөбүз доллар менен сомдун айырмасын. Доллар менен киреше булак кудайым жакшы берген болсо чет өлкөдөн келген кардарлар менен иштешебиз. Бизде айырма жок өкмөткө көз каранда эмесбиз жеке чарба өзүбүздүкү”.
Айыл тургундарына күнүмдүк тамак-аш, кийим кече жана ушул сыяктуу буюмдар менен камсыз кылган Кызыл-Булак айылындагы соодагер Мунарбек Эшанкулов товарды сатууда айыл тургундарына зыянын тийгизип, айыл тургундары нааразы болуп жаткандыгы тууралуу өз оюн төмөндөгүчө түшүндүрдү.
“ Тоскоолдук болуп жатат эми товарлар, доллар көтөрүлүп айыл жергесинде мисалы мына авто унаалар квартиралар деле кымбаттап жатат жашоо турмуш деле мисалы биздин айыл тургундары Россияда иштеп жатышат доллар көтөрүлгөнү рубльдун түшкөнү кризс болуп жатат. Биз эми Таможный союзга киргенибизге байланыштуу доллар акча бирдиги бизге кереги деле жок.
Доллар курсунун өзгөрүүсү боюнча эксперттерда нааразы.Жергиликтүү эксперт Асылбек Жарматов доллар курс боюнчо төмөндөгүлөргө токтолду.
Өзгөрүүлөр буга чейин болуп бүттү эми көтөрүлдү кайтып ордуга келди азыр 68 сом. Ишкерлерге чоң зыян алып келди мисалы долларда ккридит алышкан курс элүү алтымыш убагында кийин азыркы убакта курс жетимиш алтыга чыгып кайра кымбат алышып жатышат. Кридит төлөш кыйын болуп жатат тапкан пайдасыны толугу менен доллар курсу жеп жатат. Туура жаман болуп жатат курс элүү менен алтымыштын ортосунда болгон жакшы”.
Сиздер чет элдик валюталар жеке ишкерлерге, айыл тургундарына жана ошондой эле соодагерлерге кандай таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу күбө болдуңуздар сюжетти даярдаган Марлен Жамалов кийинки берүүзгө чейин сак-саламатта туруңуздар.