Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында электр зымдарына тийген бак-дарактар кыйылууда. Айыл тургундары үчүн да жакшы болуп жатканын билдирип өтүштү.
Бактарды кыйып жаткан Алик Токоевдин айтымында, бактар жогору жактан буйрук келип, ошонун негизинде кыйылууда.
«Негизинде биздин өзүбүздүн кыйууга укугубуз жок. Азыр биз жогору жактан буйрук алып, электр зымдарына тийген бактарды кыйып жатабыз. Ар кайсы айылдарга барып кыябыз», — деп билдирди Токоев.
Ал эми айыл тургуну Жаңыл Чингизбаеванын айтымында, бактарды кыйылуусу тургундар үчүн жакшы болууда.
«Себеби жаандарда, шамаалдарда светтин зымдары бактарга да тийип өчүп калчу», — дейт ал.
Даярдаган: Жазгүл Нурбек кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн