Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 “Улуттук нарк” жөнүндөгү жарлыгына карата Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында “Сармерден-2023” оюн зоок программасы мекемелер арасында өткөрүлүүдө. Аталган оюн зоок “Кыргыз тили-улуу тил” деген темада башталды.
Жаңы-Жер айылындагы 19-мекеменин кызматкерлери жана ак элечек «Айым» апалар тобу
Сүрөттө: «Сармерден» оюндун соңунда калыстар тобу менен
«Айым»апалар тобу
Жаңы-Жер айылындагы 19 мекеменин жигиттери
Жаңы-Жер айыл башчысы Бердибек Беделовдун демилгеси менен айылда өткөрүлүүчү “Сармерден-2023” оюн зоок конкурсуна төмөнкү мекемелер катышууда.
• Январь, №19- Жаза аткаруу мекемесинин жамааты менен “Айым апалар тобу
• Февраль, ”№43 кесиптик лицей менен Аылдагы такси кызматындагы айдоочулар тобу
• Март, “Шумкар тобу менен Дарыгерлер жамааты (айылдык оорукана)
• Апрель, Аскердик кызматчылары (10-рота) менен Жаңы-Жер орто мектеп комплекси
Жаңы-Жер айыл башчысы Бердибек Беделов
Айыл башчысы Бердибек Беделовдун айтуусу боюнча: “Айылыбызда бул иш-чараны өткөрүү менен эл арасында маданий-интелектуалдык деңгээлин көтөрүү жана эл ичиндеги таланттарды алып чыгуу. Ошону менен бирге Кыргыз элинин салтын үрп-адаттарын, наркын көрсөтүү менен келечек жаш муундарга таалим-тарбия берүү максаты болмокчу. Ал эми бүгүн «Сармерден» оюну №19- Жаза аткаруу мекемесинин жамааты менен “Айым апалар тобу ортосунда болду.
Ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине караштуу Жазык аткаруу кызматынын тарбия иштери боюнча жетекчи, ички кызматынын полковниги Нурлан Бердикожоев, айыл башчысы Бердибек Беделов жана айылдын ардактуу адамдары катышышты.
Ал эми бүгүнкү «Сармерден» оюнунун калыстар тобуна:
Төлөнбек Жумабкович ардактуу эс алуудагы ардагер.Айыл өкмөттө бир топ жыл кызмат өтөгөн кызматкер, 2022 жылдагы курултайдын делегаты.
Тиленбаев Камчыбек Жапаркулович.Ардактуу эс алуудагы ардагер,айылдын ардактуу аксакалы.
Ашырмамбетова Сайра Ашырмамбетовна.Ардактуу эс алуудагы ардагер,эл агартуунун отличниги.
Усталмасова Хайрехан Абдуганиевна, 30дан ашуун ырлардын автору,композитор,музыка мугалими.
Корголова Элмира Асанкановна.Жаны Жер орто мектеп-комплексинин кыргыз тили мугалими,Жаны Жер айыл өкмөтүнүн аялдар комитетинин мүчөсү,коомдогу активист,бир нече иш чаралардын уюштуруучусу жана алып баруучусу.
Эльмира Корголова «Сармерден » оюн зоок программасынын уюштуруучусу
Эльмира Корголова: “Бүгүнкү «Сармерден» оюн зоок программасын уюштуруу мен үчүн оңой болгон жок. Айылдагы мекемелерди жуп жубу менен тандоо кыйын экен. Ошондуктан апалар менен жаш курагы неберелериндей болгон жигиттерди биринчи койдум. Себеби бул оюнда апалар айтмакчы кыз жигиттин оюну эмес эне-баланын ортосундагы мамилени, энеге болгон сүйүүнү, ата-энеге деген урматты көргөзүү болду.
Байыркы көчмөн кыгыздардын арасына кеңири тараган салттык ырдоо — сарменден нечендеген кылымдарды басып, нечендеген доорлорду аралап, бабадан атага, балага, небере чөбүрөгө өтүп, ооздон оозго көчүп, бүгүнкү күнгө чейин жашоосун улантып келет.
Ал ар кандай салтанаттарда чоң, кичине тойлордо, үйлөнүү үлпөтөрүндө, кышында согум жегенде, жайында кымыз бузганда, шерине өткөргөндө, нооруз, орозо, курман айт майрамдарында, жөнөкөй эле жакшы санаалаш чогула калганда көңүл ачуу, жарп жазуу үчүн ырдалган сармердендин тартиби, эрежеси бар.
Бирок учурдун талабына ылайык азыр башкача өткөрүп калдык. Бүгүнкү оюн зоокто, алды жетимишке келген апалар менен 20 жаштан өткөн жаш жигиттер арасында болууда. Биз бул программаны атайын даярдадык. Айыл жергесиндеги түгөнгүс казына энелердин колунда эмеспи, алардын насаатын, каада салттык ырым-жырымдарын, улуттук баалуулуктарын, таалим тарбиясын, энелер менен уул балдардын ортосундагы мамилени көргөзөлү дедик. Апалар өздөрү айтмакчы биздин айылда ушундай уулдарыбыз бар болсо, кыргыз элинин эч убакта учу кемибейт, ырыскысы түгөнбөйт дешип алкап жатышты.
Турдукан Жанболотова. «Айым» апалар тобунун мүчөсү
“Айым” апалар тобунун мүчөсү Турдукан Жанболотова: “Азамат жаштар экен, ата-энелерине ыракмат айтаар элем, ушундай уулдарды тарбиялаган. Апаларга таазим дешип болгон сый урматын көргөзүп, энелер жөнүндө аябай жакшы жөрөлгөлөрдү, ырларды, макал-лакаптарды мааниси менен айтып, аткарып жатышты. Бул жигиттер кыргыздын нарк насилин билген тектүү жердин уулдары экен десем болот. Айылдагы нукура кыргыз жигиттери болочокто жакшы, адептүү уул-кыздарды тарбиялайт деп ишенем. Бул даярдыктын аркасында албетте жетекчиси турат эмеспи. Ал жигит дагы жигиттерин мыкты тарбиялаган экен.
Айта кетсек, кийинки “Сармерден” оюну февраль айында №43 Кесиптик лицейдин кыздары менен айылдагы “Такси” кызматындагы айдоочу жигиттери ортосунда өтөт.
Турсун Омуралиева