Ысык-Көл облусунун тургундары, Гүлкайыр Осмоналиева жана Муратбек Жумакадыров өздөрү жашап, эмгектенген айылда тургундарды медиа сабаттуулукка үндөп, жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана таратпоого чакырып келет. Алар буга чейин апрель айында медиа маалыматтык сабаттуулукка багытталган семинарларды өткөн.
Гүлкайыр Осмоналиева Барскоондогу жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси. Ал апрель айында өзү жашап, эмгектенген Барскоон айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган иш-чараны өткөргөн. Иш-чара айыл тургундарына арналып, фейк жана аны аныктоо, баш мыйзамдын жаңы редакциясы жана шайлоо өнөктүгүндөгү жалган маалыматтар тууралуу болгон. Тренинг бир ай мурун болуп бүтсө дагы, Гүлкайыр Осмоналиева айылдаштарына фейк маалыматтар жана аларды аныктоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келем деп билдирди.
Гүлкайыр Осмоналиева Барскоон айылынын тургундарына медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар өтүп жаткан учуру
Гүлкайыр Осмоналиева: “Мен Барскооон айылынын тургундарына тренинг өткөндөн бери, фейк туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатам. Алгач биз медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча Бишкекте тренингден өттүк эле. Андан кийин, айылыбызга келип, айыл тургундарына тренинг өттүк. Бир канча убакыттан кийин Баткен окуясы башталып калды. Ошол учурда сациалдык медиа аркылуу ар түрдүү видеолор таркап жатты. Алардын арасында фейк маалыматтар дагы бар эле. Айылда ал видеолор туурасында абдан талкуу болду. Айрымдардын ал жалган маалыматтарга ишенип жаткандыгына байланыштуу, элди маалыматка ишенүүдөн мурда анализ кылууга чакырдым. Тактап айтканда, маалыматты ким таратып жатат, маалымат качан чыкканын жана кайсы булак аркылуу таратылып жаткандыгына анализ кылуу керектигин түшүндүрдүм. Айрымдары менен чогуу отуруп, маалыматты тараткан булакка анализ кылып көрдүк. Кээ бир видеолор мурда болгон экен, эл болсо анын ошол Баткендеги ызы-чууда болду деп түшүнүп жаткан”.
Гүлкайыр Осмоналиева айылдаштары ишенип, акча которгон бир топ жалган маалыматтар жана окуялар бар экенин дагы билдирди.
Гүлкайыр Осмоналиева: “ Телефон, телевизор утуп алдыңыз. Ошого байланыштуу мынча акча которуңуз дегендерге ишенип, улам акча которгон айылдаштарыбыз бар. Биздин айылдан дагы бир эже ушундай нерсеге ишенип, квартира утуп алдыңыз десе, насыя алып, насыянын акчасын которуп салган. Мындай окуялардан улам, медиа маалыматтык сабаттуулук иш-чарасын айыл элине көбүрөөк жайылтыш керек экен”.
Ысык-Көл облусунда медиа маалыматтык сабаттуулук иш-чарасын Нур ФМ жамааттык мультимедиа борбору дагы жүргүзгөн. Аталган медиа борбору өздөрү жайгашкан Тасма айылында айыл тургундарына семинар өтүүдөн тышкары, жалган маалымат менен күрөшүүгө салым кошуп келет. Нур ФМ медиа борборунун жетечиси Муратбек Жумакадыров учурда коронавируска каршы вакцинага ар түрдүү фейк маалыматтар пайда болуп жатканын билдирди.
Муратбек Жумакадыров Тасма айылында медиа маалыматытк сабаттуулукка арналган семинар өтуп жаткан учуру
Муратбек Жумакадыров: “ Мен айылдын бир топ WhatsApp тайпаларында бармын. Ошол жерден айылдаштар менен пикир алышып турабыз. Вакцина боюнча дагы суроо келип жатат. Вакцинанын терс таасирин чагылдырган видеолор тарап жатат. Ошол тайпалардын бирине келген билдирүүдө коронавируска каршы вакцинаны алган адам эки жылдан кийин өлүп калат экен деген маалымат келген. Мен эми бул маалыматты жалган, ишенбегиле деген менен менин сөзүмө көпчүлүк ишенбеши мүмкүн. Себеби, мен вакцина боюнча адис эмесмин. Ошондуктан, так маалыматты элге жайылтуу боюнча айылдагы дарыгерден интервью алып, ал маалыматты айылдаштарыма жеткирип жатам. Биздин медиа маалыматтык семинар шайлоонун алдында болгон эле. Менин баамымда биздин иш-чара айылда болуп жаткан иштерге сын ой-жүгүртүүгө, шайлоодо чыныгы эл үчүн иштей турган депутаттарды тандоодо аз дагы болсо салымын кошту. Анткени, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгында аял депутаттар көбүрөөк шайланып келди”.
Касиет Кубанычбек кызы