“Медиа Сабак” коомдук фонду Media Station жайкы лагерине катышуу үчүн жогорку класстын окуучуларын конкурстук негизде кабыл алат. Жайкы лагерь 2021-жылдын 1-июлунан 9-июлуна чейин Ысык-Көлдө өтөт. Буга 2020-2021-окуу жылында Кыргызстандагы 8-9-10-класстын бүтүрүүчү мектеп окуучулары табыштаманы анкета түрүндө тапшыра алат.

Videographers shooting interview in TV studio. News host talking to TV show guest. Flat vector illustration for camera crew, broadcasting, television concept
«Медиасабак» Фондунун адиси Кундуз Жекшен кызы лагердин негизги компоненти медиа жана маалыматтык сабаттуулук экенин айтат. Ага коомдук иштерге активдүү катышкан, активдүү, журналистика кызыккан, сынчыл ой-жугүртүүнү жана жаңы билимдерге ээ болуп тажрыйба топтоону каалаган окуучулар катыша алат.
Сынактан тандалып алынган катышуучулар үчүн бардыгы акысыз. Жатакана, тамак-аш, кеңсе буюмдары, жолугушуу пунктунан лагерге чейинки жана кайра коштошуу жерине чейинки жол кире уюштуруучулар тарабынан каржыланат:
“Жыл сайын биз өлкөнүн бардык аймактарындагы балдарды 9 күндүк лагерге чогултуп келебиз. Биздин катышуучулар, орто мектептердин окуучулары, лагердин программасы аркылуу жаңы билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү өзүнө ачышат.Долбоордун негизги максаты — медиа билим берүү жана маалыматтык сабаттуулук аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү жана маалыматты акылдуу пайдалануу көндүмдөрүн өнүктүрүү”, -деп билдирди Кундуз Жекшен кызы.
Бүгүнкү күндө, көндүмдөрдүн деңгээлине карабастан, чыгармачылык атаандашкан дүйнөдөгү эң баалуу байлыкка жана артыкчылыкка айланууда. Санариптештирүү менен онлайн куралдары ой жүгүртүүнүн жана өзүн алып жүрүүнүн жаңы ыкмаларын өркүндөтүп жатат. Ушундай жол менен медиа лагердин программасы өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана катышуучулардын санариптик жөндөмдөрүн кеңейтүүгө умтулууну стимулдаштыруу максатында иштелип чыкканын айтышат уюштуруучулар:
“Катышуучуларга критикалык ой жүгүртүү көндүмдөрү үйрөтүлүп, жарандык катышуу жана жарандык баалуулуктар жөнүндө билим алышат. Окутуунун ар бир күнү оюндар, чиймелер, интерактивдүү инструменттер, мультимедия студиясы аркылуу жүргүзүлөт, бул чыгармачыл куралдар менен маанилүү тапшырмаларды аткарууга, мектептерде жана коомунда көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелерди иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга үйрөнөт. Бул тренингдин форматы сизге темага тереңирээк кирүүгө, курбуларыңыз менен талкуулоого жана тема боюнча өз түшүнүгүңүздү көрсөтүүгө же калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет”.
Медиа-лагердин ар бир катышуучусу жергиликтүү жамааттын учурдагы көйгөйлөрүнө жооп издеп, идеялар боюнча кызматташат. Лагерь жыл сайын уюштурулуучу иш чара. Лагердин бүтүрүүчүлөрү биздин медиасабаттуу бүтүрүүчүлөрдүн базасына кирип, кийинки иш чараларыбызга, сынактарыбызга, долбоорлорубузга жолдомо ала алышарын айтат Кундуз Жекшен кызы.