«Кыргызстандын мыкты окуучусу» республикалык долбоорунун алкагында башталган мыкты окуучуну тандоо сынагы бул жылы дагы уюштурулуп жатат. Ага 1-11-класска чейинки окуучулар тапшыра алат. Тандоо конкурстук негизде өтөт. Жеңүүчүлөр төш белги, күбөлүк, грамота жана “Кыргызстандын мыкты окуучулары 2021” аталышындагы жыйнакка кирет.

2020-жылдан тарта өтүп жаткан республикалык сынактын уюштуруучулары «Намыс-Ысык-Көл» коомдук фонду жана «Керемет Холдинг» коому. «Керемет Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси сынактын уюштуруучусу Жакшылык Бекназаров былтыр сынакты уюштурганда катышуучулар көп болгондуктан быйыл дагы өткөзүүнү чечишкен:
“Былтыркы жылы уюштурганда 100 катышуучу мыкты окуучу деп тандалган. Бул сыйлык мектепте жакшы окуп гана чектелбестен активдүү, лидер кыргызстандын атынан эл аралык же республикалык деңгээлде өткөн сынактардын жеңүүчүлөрүнө ыйгарабыз. Сынакктан кийин көпчүлүк ата-энелер жана мугалимдер окуучулар үчүн жакшы мотивация болгонун айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Мындан улам биз быйыл дагы өткөргөнү жатабыз”.

Бул сынакты уюштуруу идеясы Жакшылык Бекназаровго мектепте окуп жүргөн кезинде келген. Ал белгилегендей сабакты мыкты өздөштүргөн окуучуларга гана артыкчылык берилип, башка таланттуу балдар көңүл сыртында калбашы керек:
“Мен мектепте окуп жүргөндө 300дөн ашык грамоталардын ээси болуп көптөгөн сыйлыктардын жеңүүчүсү болгом. Бирок мектепти аяктап жатканда ал жердеги грамоталар бир гана сабакты жакшы өздөштүргөн окуучуларга берилип, тырышчаак, активдүү, коомдук иш-чаралар балдарга берилбей калчу. Мындан улам мындай окуучуларга дагы мотивация берилсе болмок деген ойдо бул сынакты уюштурууну чечтик”.

Учурда арыздарды кабыл алуу жүрүп жатат. Материалдар 2021-жылдын 20-майына чейин жүрөт. Ийгиликтүү окуучулар төмөнкү багыттар боюнча кабыл алынат:
— Илим
— Искусство
— Спорт
Долбоордун катышуучулары «Кыргызстандын мыкты студенти» жыйнагы, «Эң мыкты студент» төш белгиси, Ардак грамотасы жана I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышат.
Керек документтердин тизмеси:
Автобиография (2 беттен ашпашы керек, Times New Roman, көлөмү 14 пункт)
Диплом, грамоталардын көчүрмөлөрү
Сүрөт 3 * 4
Тизмеде көрсөтүлгөн документтер 2021-жылдын 20-майына чейин [email protected] дарегине жөнөтүлүшү керек.
Документтер эки тилде (кыргыз, орус,) кабыл алынат. Жыйнактын бет ачары жана сыйлык тапшыруу аземи 2021-жылы Бишкекте өтөт. Жыйнакка кирген «Мыкты студенттердин» бардыгы китептин бет ачар аземине чакырылат.
Айгерим Кубатбекова