Анипа Баякунова ишкерлик менен 22 жылдан бери алектенип келет. Бул ишти баштаганга ага элдин социалдык абалы, азык-түлүккө болгон муктаждыгы түрткү болгон. Алгач айылга ун алып келип, айлыкка, пенсияга таратып бере баштаган, кийинчерээк кичи дүкөн ачып ун, азык-түлүк, ж.б. адамдарга керектүү буюмдарды алып келип сата баштаган.
Анипа Баякунова: “Мен ишкер болом деп ойлогон эмесмин. Мугалим болом деп ниет кылып, педагогикалык институтту аяктагам. Союз тараган убак баарына эле белгилүү болсо керек… Ошол маалда шаарда мугалимдин айлыгына жашоо мүмкүн болбой калган учур эле. Мен алгач ишкерликти Кытайдан баштадым. Ал жактан товар алып келип сата баштагам. Кийин Польша мамлекетинен да товарларды алып келип ишкерлик кыла баштадым. Жашоо турмушка байланыштуу айылга көчүп келген убакта, айыл элине шаардан ун, жер-жемиш, арпа, буудай алып келип сата баштагам. Анан кичи дүкөн ачканга жетиштим.”
Ишкер ар бир адам өзүнүн жасаган ишин сүйүү керек деп эсептейт. “Эгерде тандап алган иш адамга жакпай турган болсо, анын иши элди канааттандырбаса, анда ал иштин келечеги жок”,- дейт Анипа Баякунова.
“Адам өзүнүн жасаган ишин жактырбаса, аны эптеп эле жасап коеюн деген мамиле кылса, анда ал ишин алмаштырышы керек. Мисалы, бизнес адамдын жанында, канында болбосо, бул иш менен алектенгиңер келбесе, анда бизнести баштоонун кереги жок. Эң негизгиси элдин суроо-талабын туура түзүп алуу керек. Качан ишкер эл үчүн иштесе, элдин суроо-талабына жооп берген бизнес кура алса, анда ал бизнестин келечеги бар.”
Алгач кичи бизнестен баштап, кийин ийгиликтерге жеткен ишкер айым Анипа Баякунова азыркы тапта дүкөндөн сырткары чайкана ачып, иштетип келет. Чайканада төрт аял, кезектешип иштешет.
“Биздин дүкөн айылдын борборунда жана жол боюнда жайгашкандыктан, кошумча чайкана ачып иштетип баштадык. Биздин чайканага айыл тургундары, жол жүргүнчүлөр, туристтер келип тамактанышат. Анда төрт кыз-келин иш менен камсыз болгон. Аларды жумушка алгандан кийин тамактын түрлөрүн, тез-татымдарды жасоону, кардарларды тейлегенди үйрөттүк. Алар чайкана менен гана чектелбейт, кезектешип кошумча дүкөндө да иштешет. Иштеген акылары күнүнө берилип турат”, — дейт ишкер.
Ишкер айым Оттук айылындагы Аялдар кеңешинин төрайымы менен тыгыз байланышта иш алып барат. Ал айыл жергесинде уюштурулган ар кандай кароо-сынактарга демөөрчүлүк кылып келээрин айтат:
“Айылда окуучулар, ата-энелер арасында көптөгөн кароо-сынактар өтүлүп турат. Аларга колдоо көрсөтүү максатында демөөрчүлүк иштерди жасаганга аракет кылып турам. Айыл жергесинде аялдарга карата арналган иш-чараларга дайыма катышам жана колдойм. Ишкерлик баштайм деп кайрылгандарга кеңештерди берип келем”.
Аялдар кеңешинин төрайымы, жергиликтүү бийликтин депутаты Төлөбүбү Бополоңова жылдан жылга айыл жергесинде ишкерлер көбөйө баштагандыгын баса белгилейт. Алардын ишмердүүлүгүн айыл тургундары, жергиликтүү бийлик колдоого алаарын айтат:
“Айылда ишкерлик кылган аялдар жылдан жылга көбөйүүдө. Кээ бири тикмечилик менен иш башташса, кээ бири ашпозчулук, түймөчүлүк менен алектенишет. Айыл эли да алардын иштерин колдоп, буйрутмаларды беришет. Мисалы, ашпозчу келиндерге тойлордо тамак жасап берүү боюнча кайрылышат, түймөчүлөргө кыздарга топуларга, көйнөктөргө, байпактарга буйрутмаларды берип турушат.
Жаңы иш баштайм деген ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөткөнгө аракет кылабыз. Эгерде тикмечилик боюнча кайрылышса, бош үйлөрдү таап, ал жерди жумуш ордуна айландырып берүүгө күч жумшайбыз. Себеби, ишкерлер башка адамдарды да жумуш менен камсыз кыла алышат. Ар бир ишти баштоодо сөзсүз кыйынчылыктар болот. Аларды жеңүү үчүн Аялдар кеңеши, жергиликтүү бийлик, айыл тургундары да көмөк көрсөтүшөт. Алар кандай иш баштаса да жергиликтүү бийликтин, айыл тургундарынын колдоосуна муктаж.”
Айыл жергесинде ишкерлердин көбөйүшү менен жумушсуздук маселелери чечилип жаткандыгы айыл тургундарын кубандырбай койбойт. Ар бир адам өзүнө жакшы максат коюп, ошого умтулуп жана жетүүгө аракет кылса, анда ийгилик сөзсүз болоорун Анипа Баякунованын иши айгинелейт.
Акылай Алмазбекова