Жаңы-Жер айылындагы кыз келиндер №43 Кесиптик лицейдин базасында ачылган кыска мөөнөттөгү кондитердик курсту окууда. Айыл ичиндеги жумушсуздуктуу жоюу максатында уюштурулган окуу курсунда ар кандай жаш курактагы кыз- келиндер окуйт.

Кондитер кесибинде окуп, өз алдынча торт жасоодо
Учурда үйдө олтурган кыз келиндерден кондитер-ашпозчу окуусуна талап көп болууда деп билдирди Айнагүл Жусупова:

Кыска мөөнөттүк окуу курсунун уюштуруучусу Айнагүл Жусупова

Адалат 2 баланын энеси, учурда жаш балдары менен иштебей үйдө олтурат
«Биздин лицей айылдагы жумушсуз олтурган келин-кыздарды же жаштарды кесип берүү маскатында окутуудабыз. Себеби, шаарда окуган студенттер кошумча каражат табуу үчүн жумуш иштешкиси келет.

Бирок учурдун талабына ылайык документсиз жумушка орношуу маселе жаратат. Ал эми бизде атайын тастыкталган документ ала алышат».
Азыркы учурда кесиптик лицей «Кондитер» кесибинен башка дагы «Тигүүчү» «Ширетүүчү» «Айдоочу» ж.б кыска мөөнөттүк окуу курстарын окутат.
Кесиптик лицейге карагайдын көчөттөрү тигилүүдө
Турсун Омуралиева