Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде окуучулардын көптүгүнөн улам окуу класстары жетишпейт. Айылдагы 240 орундуу жалгыз мектепте учурда 650 окуучу билим алууда.
Кара-Суу айылындагы мектеп окуучулары 3 сменде билим алып жаткандыгына 20 жылдын жүзү болду. Бул мектеп 2000-жылы эски мектеп өрттөнүп кеткендигине байланыштуу аз убакыттын ичинде курулган. Бирок, айылдагы калктын санынын көптүгүнөн улам, окуучулар мектепке батпайт. «Айылдагы мектепте мындай абал учурдун маанилүү меселеси»-деп билдирди мектептин мүдүрү Болот Бообек уулу:
“Биздин мурунку мектеп 2000-жылдары өрттөнүп кеткен. Азыркы мектеп ошол учурдагы окуучулардын ар кайсы жерде окуп жаткандыгына байланыштуу МЧС тарабынан шашылыш түрдө салынып берилген. Ошол себептүү биздин мектепте окуу бөлмөлөрү аз жана тар. Спорт зал, ашкана, жыйындар залы жок. Ушундан улам башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилбейт. Иш-чараларды жана дене тарбия сабагын өтүүдө бир топ тоскоолдуктар жаралат”.
Мектеп жетекчилиги 2012-жылдардан бери тийиштүү органдарга мектеп көйгөйү жөнүндө билдирүүлөрдү берип келгени менен жыйынтык чыкпай жатканын кошумчалады.
Ал эми ушул эле Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Сезим Курманбек кызы мектеп тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
“Мен 9-класста окуймун. Биздин класста 30 окуучу барбыз. Предметтик сабактарды бир эле класста окуйбуз, өзүнчө компьютердик класс жок болгондуктан, кошумча окууну үйдө окууга туура келет. Информатика кабинети аябай тар, 5 компьютерде 30 окуучу иштейт. Компьютерлердин эскилиги жетип калган. Биздин мектеп чоң болсо, спорт зал, ашкана, актовый залдар болсо деп кыялданам.»
Дагы бир мектеп окуучусу Кудаяр Калыбек уулу :
“Мен 3-сменде окугандыктан кечинде кеч кетем. Караңгы кирип калгандыктан жолдон карышкырлар жана жырткыч жаныбарлар чыгабы деп корком. Эгерде мектебибиз чоң болсо түшкө чейин эле окумак экенбиз. Мен үйгө жетиш үчүн 40 мүнөттүк жолго ат менен барам. Анткени мен айылдын четиндеги Алкым деген жерде жашайм”.
Мектеп жамааты этно парк уюштурду
Алишер Мирлан уулу
Туратбек Кубанычбек уулу