Жайыл районунун Кара-Суу айылында жашаган тургундар таштандылар алынбай, көчөлөрдө төгүлүп жатканын айтышат. Төмөндө сурамжылоону сунуштайбыз.
-Мен, Азамат Алиев, айылда таштанты ташыган унаалар жок. Анан кишилер таштандыларды тегерек четине тыштап өрттөп коюшат. Ар бир үйдүн жанында таштанды салган челектер болсо адамдар челектерге салышмак. Айыл өкмөткө айтыш керек. Өзүбүздүн айыл депутаттары менен сүйлөшүп, жок дегенде эки үйдөн бир таштанды салган челектерди койсо жакшы болмок.
— Мен, Нурсия Болотова «Жылдыз» көчөсүндө жашайм. Биз жакта таштандылар көп ташталган. Эми ошолорду эшигинин жанына чогултуп, өрттөп койсо болот да. Жок баардыгы эле жолдун четине алып барып ыргытып коюшат. Шамал болгондо туш-туш тарапка учат да жердин баарын булгайт. Ошону мен айтар элем, ар ким эшигинин алдындагы, тегерек четиндеги чөп чарларды чогултуп өрттөп койсо менимче жакшы эле тазалык болот эле. 

— Мен, Алиев Жакен. Таштандыны чуңкурга ташташ керек жолдун жээгине таштабаш керек, баштыка жакшынакай салып таштап коюш керек. Ит, куш деген көп эртең менен саат алтыда келсем чуңкурдун ичинде иттер толтура 4-5 ит, чон иттер. Анан туура оорунун баары жугат мындайдан. 
— Мен, Молдораимов Каныбек. Айылыбызда таштанды салгыч жер жок карабайт эч ким, айыл өкмөтү эмне айылды карабайт, дүкөндүн тегерегинин баардыгы таштанды. Терип койгон киши жок, тигил жактагы дүкөндүкү дагы жатат.

Даярдагандар: Гүльзада Бейшенбекова, Азирет Туратбеков.