Кочкор районун Төлөк айылында түзүлгөн көк бөрү боюнча «Соң – Көл» командасы 1-февралда ынтымак оюн өткөрүштү.
Бул оюн тууралуу Марат Дүйшекеев оюнду уюштуруунун максаты, ортодогу ынтымакты бекемдөө жана бул оюнду жаштар арасына жайылтуу дейт:
« «Соң-Көл» командасын түзүү башында кыйын болгон. Бирок азыр баары жакшы. Командабызда жалпы 12 оюнчу жана 12 ат бар. «Соң-Көл» команда болуп түзүлгөндөн бери, көп айылдарга барып оюн көрсөтүп келдик. Мына бүгүн биздин айылда ынтымак оюн болуп жатат. Бул оюнга Кочкор району боюнча үч айылдан командалар келген. Бул да болсо жаштардын ынтымагы».
Ал эми биринчи орунду алган Комсомол айылынан келген команданын топ башчысы Жакшылык мырза: «Оюн жалпысынан жакшы өттү, кубанып турабыз. Биздин командада жалаң улакка кызыккан оюнчулар бар. Жаңы түзүлгөн команда болсок да, оюнга келгенибиз биздин жетишкендигибиз деп эсептейм. Оюн жакшы өтүп жатат.”
2-орунга илинген «Ак жар» командасы: «Биз сүйүнүп турабыз. Чынында оюн купулубузга толду. Командалар аябай күчтүү экен», — деп билдирди.
«Соң-Көл» командасы келген командаларды сыйлагандык кылдыбы же чындап утулуп берүүнү туура көрүштүбү, айтор, өздөрү акыркы орунга илинип калышты. Бирок, ошентсе дагы оюн жакшы өткөнү жүздөрүнөн байкалып турду. Чындап эле бул оюн ынтымакка чакырганы көрүүчүлөр тарабынан да жакшы баага татыды.
Көк бөрү: «Куланак» командасы тууралуу окуңуз
Айпери Айбек кызы, Адила Арслан кызы, Адис Эркинбеков.