Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Шералы Султаналиев атындагы бала бакчада «Берекелүү күз» аттуу концерт болду. Ал концертти 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер менен биргеликте өткөрүштү.
Бул тууралуу бала бакчанын директору Эркингүл Керимбаева буларга токтолду:
«Бул саамалык өтө жогорку деңгээлде болду деп ойлойм. Балдар дагы абдан кызыгуу менен ойношту. Ата-энелер көрүп, катышып да кетишти. Бардыгына чоң рахмат. Биздин күз майрамынын уюштурганыбыздын максаты балдардын ой жүгүртүүсүнүн жакшыртышына, жана алардын таланттуу, чыгармачыл болуп өсүшүнө дагы жардам берет деген ойдобуз.»
Ушундай кичинекей балдарды мээримин төгүп тарбиялап жаткан бала бакча тарбиячыларына ыраазычылыгын небересин коштоп келген Буудайкан Мамбеталиева билдирди.
«Биз күз майрамына катышуу менен чоң кубанычта болдук. Балдар музыканын коштоосунда ырдап, бийлеп, эркин сүйлөп жакшынакай чакан концерт коюп беришти. Бул бала тарбиялоо деген оңой иш эмес, ошондуктан бардык тарбиячыларга чоң рахмат.»
«Мен күз майрамында ырдадым, бийледим жана дагы эжем үйрөткөн ырды айтып бердим. Мени апам, атам көргөнү келишти», -дейт концертке катышкан 5 жаштагы Раяна.
Белгилей кетсек, Шералы Султаналиев атындагы бала бакчанын курулушу «АРИС» уюму тарабынан каржыланып, 2018-жылдын 20-январынан тарта ишке берилген.
Даярдаган: Шаршенбек Акматов