Өмүрүн медицина тармагына арнаган айылдагы ардактуу айымдар Сокулук районундагы Жаңы-Жер аймактык ооруканасында эмгектенишет. Үзүрлүү эмгектери, кесипкөй мыкты адистиктери эл арасында бааланып, кесиптештери арасында ордулары бийик.
Жаңы-Жер айыл аймактык ооруканасы
Билген билимин жаштарга үйрөтүп, ар дайым айылдаштары үчүн күжүрмөн эмгек кылуудан талыкпаган Акыл Токторбекова эже 35 жылдан ашуун ушул ооруканада иштейт.
Акыл Токторбекова Жаңы-Жер айылдык ооруканада 35 жылдан бери эмгектенип келе жатат.
Көп жыл бою бирге иштеп, Акыл эжени жакшы билген кесиптеши Эркин Абийирова эже дагы 34 жылдан бери үзүрлүү эмгектенет.
Алардын катарында тең калышпаган медайым Светлана Касымбекова 25 жылдан бери иштейт.
Светлана Касымбекова 25 жылдан бери Жаңы-Жер айылдык ооруканасында эмгектенет.
Аты аталган каармандардын медицина тармагында эмгектенип, Жаңы-Жер айыл элине кылган кызматы, салымы зор. Өлкөдө таажы илдети курчуп турган учурда дагы бейтап өмүрүн өз өмүрлөрүнөн бийик коюп, ооруп келгендерден жардамдарын аяшпады. Жаш курактарына карап, коркуп жумушка чыкпай койбой коллективге дем берип иштегендерине айыл эли азыр дагы ыраазы болууда:
“Урматтуу айылыбыздын ак халатчан ардактуу апалары! Сиздерге чың ден-соолук, кажыбас кайрат, бакубат карылык каалайбыз. Канчалаган айылдаштардын өмүрүн сактап калууга себепкер болдунар! Сиздер кылган ак эмгегиңердин үзүрүн көрүңүздөр. Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен айыл эли куттуктайт.”
Турсун Омуралиева