1-октябрь Карылар күнүнө карата Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 1970 жылдан баштап, 2020-жылдын сентябрь айына чейин иштеп, азыр ардактуу эс алууга чыккан, 78 жаштагы өз өмүрүнүн 50 жылын агартууга арнаган, ССРдин эл агартуусунун отличниги ардактуу мугалим Полот Тиркешовдун өмүр жолу, мугалимдерге жана окуучуларга айткан сөздөрү менен бөлүшөбүз.
«Бактылуу минуталар-окуучуларга сиңимүү сабак өтүү,
Бактылуу сааттар -эмгек жамааты мене бирге болуу,
Бактылуу күндөр-үй бүлөңдөгү таттуулук».
1961-жылы Кызыл-Октябрь орто мектебинен 10-классты бүтүрүп, 1962-жылы Ош пединститутуна кирген. 1963-жылы советтик Армиянын катарына чакырылып,1966-жылыдын август айына чейин кызмат кылган. Ошол эле жылы Коммунистик катарына өткөн. Армияда «Советтик армиянын отличниги» деген төш белгинин ээси болгон, ошондой эле команданын алкыш катына татыган.
1966-жылдын сентябрь айынан ОГПИде окуусун улантып, аны 1970-жылы аяактап, өзү окуп бүткөн мектебине орус тили жана адабият мугалими болуп эмгек жолун баштаган. Ошондон бери өзүнүн сүйүктүү мектебинде жаш муундарга таалим тарбия берип келүүдө.
Мектептеги талыкпаган үзүрлүү эмгеги бааланып, социалисттик мелдештин жеңүүчүсү, ССРдин билим берүүсүнүн отличниги,усулчу мугалим наамдарына ээ болгон,бир нече алкыш Грамоталарга арзыды. Бул аралыкта мектептин жана айылдын маданий массалык, коомдук иштерине активдүү катышып, партиялык уюмдун катчысы, кесиптик кошундун төрөгасы, усулдук бирикменин жетекчиси, айылдык кеңештин депутаты милдеттерин аркалады. Агайдын көңүлүнүн чордонунда дайыма окуучуларыма татыктуу билим берсем деген ой уялап турду.
Эң башкысы агай окуучуларынын сүйүктүү инсанына айланды, эмгек жамаатын арасында насаатчы, кеңешчи, ардагер агай урмат сыйына жетишти. Эмгек жамаатына демилгеси, мектеп жетекчилигинин колдоосу аркылуу 1чи педкеңешменин чечими менен ССРдин билим берүүсүнүн отличниги Тиркешов Полотбек агайдын ысымы мугалимдер канаасына ыйгарылды.
Полотбек Тиркешовдун насаат сөздөрү:
Ооган-Талаа айылым
Сөзү обону: Тиркешов Полотбек
Ажайып тоо койнунан орун алган,
Суктанып уул кызы обон салган,
Сулуулуктан келишкен чар тарабы,
Эч жерге алмашылгыс Ооган-Талаам.
Түндүгүндө Бабаш атам ак кар баскан
Түштүгүндө Кара-Үнкүр сай толкуп аккан,
Таң шооласы чыгыштан төгүлгөндө
Мына мен-деп гулүмсүрөп койнун ачкан.
Ыр жазып колума калем алам,
Түбөлүк аман болгун Ооган-Талаам
Канча өмүр,кандай жашоо болсо дагы,
Ар убакта сени сүйүп, сенде калам.
«Полотбек агайдын бул ыры Ооган-Талаа айылынын Гимни болуп калды. Ар бир айылдын тургуну жатка билип, дайыма ырдап жүрүшөт»,- деп билдирди айыл тургуну Арапатхан Абитова
Тасма айылынын окуучулары карылардан бата алышты
Ширин Маратбекова