Буга чейин айыл тургундары жүндөрүн башка жактарга алып барып, же өз колдору менен көп убакыт коротуп тытып келишкен. Айылга бул жүн тытуучу машина элдин сунушу менен Атрадный айылынан алынып келинип, убактылуу тургундарга кызмат кылууда.

Бул аппаратты иштетип жаткан Жеңишбек Байкулов айыл тургундарына бир аз да болсо жеңилдик кылып, бул жакка келгендигин төмөнгүчө айтып берди.
“Негизи айыл тургундары бул жактан жүн тыттырып алганы жеңил болуп жатат. Буга чейин башка жактарга атайын алып барып тыттырышчу экен. Эми минтип бул аппарат келгени бир топ эле элге жеңилдик болуп калды. Мен бул аппаратты 2011-жылы жаңы кезинде 75 миңге алгам. Ошол жылдан бери иштетип келе жатам. Биз килограммын 30 сомдон тытып жатабыз”, — деп айтып берди Байкулов.

Айыл тургуну Көкүл Тентимишова аппараттын чоң жардамы тийип жаткандыгын айтат.
“Бул аппарат келгени бизге абдан жакшы болду. Мурда башка жактарга атайын алып барып, же өзүбүз тытып, убакыт көп кетип калчу. Эми минтип өзүбүздүн айылга келип, бизге чоң жардамы тийип жатат”, — дейт Тентимишова.
Айыл тургуну Жигит Молдакунов элдерердин сунушу менен бул аппаратты айылга чакыргандыгын төмөнгүчө баяндады.

“Тургундардын да убаккытты көп кетпестен, бул жакка келип жүндөрүн тыттырып жатышат. Бул аппарат келгенине айыл тургундары ыраазы болуп жатат”, — деди Молдакунов.
Даярдагандар: Чынгыз Кенешбек уулу, Шакирова Перизат
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн