Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде ремонт иштери соңуна чыгып калды. Акча каражаты кеч бөлүнүп берилгендигине байланыштуу быйыл мектеп иштери кеч болуп жатат.
Аталган мектептин мугалими Анара Орозалиева бул ремонт иштери жылына жасалып келгендигин айтты.
“Актап, сырдоо иштери быйыл кеч болуп калды. Акча каражаты кеч бөлүнүп берилгендигине байланыштуу иштер кеч бүтүп жатат. Мен башталгыч класстын жетекчиси болгондуктан, окуучуларымдын ата-энесинин жардамында ремонт иштерин бүтүрдүк. Ал эми чоң класстар болсо өзүлөрү жардамдашып, ар бири өз классынын иштерин бүтүрөт”, — деп билдирди Орозалиева.
Ата-энелердин бири Бактыгүл Көнүшова өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү баяндады.
“Биз да ата-эне катары барып өз балдарыбыздын класстарын актап, сырдоо иштери үчүн жардамдашып келдик. Негизинен бул иштер жылына болуп келет. Себеби, эскилиги жеткен мектепте жыл сайын мындай иштер болуп турганы оң”, — деген ойдо Көнүшова.
Даярдаган: Жакыпбеков Ильгиз
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн