Буга чейин Тасма айылындаг Асан Сопиев мектебинин терезелеринин абалынын начар экендиги туурасында “Нур FM” ЖМБнын кабарчылары жазып чыккан эле. Андан соң мектептин эски, иштен чыккан терезелерин жаңы пластик терезге алмаштыруу үчүн долбоор жазылып, ал ийгиликтүү өтүп, эми эски терезелер жаңы пластикке алмаштыруу иштери жүргөнү жатат.
Долбоорду Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков демилгелүү топ түзүп алып жазышкан. Кайыков терезелерди алмаштыруу иштери элдер төлөнө элек салыктарды төлөп бүткөндөн кийин башталаарын айтты.
«Мектептин терезелерин пластиктөө — бул окуучулар үчүн жакшы. 2016-жылы 4-апрелде финансы министрлиги комиссиясынан өттү деп долбоор каржылоонун астында турат. Биз 7 пайыз акча каражатын топтошубуз керек. Бул 198200 сомду түзөт. Азыр ошол салыктарды элдер төгүп жатат. Бул боюнча 164 терезе, 15 сырткы эшиктер алмашылат андан соң терезе текчелери коюлат. Ошондо 30 пайыз жылуулукту сактайт. Андан сыркары кышында мектепке лимиттер коюлат. Аны сактоодо дагы жакшы пайдасы тийет. Буюрса кышында окуучуларыбыздын баары форма менен үшүбөй окушат деп ойлойм”, – деп билдирди Курманбек Кайыков.
Аталган мектептин география мугалими Ороз Саадабаев мектептин терезелери эскирип, суук кирип жатканын айтты.
“Биздин мектептин терезелери аябай эски болгондуктан кышында суук кирип, ак скотч менен окуучулар чаптап, убара болчубуз. Форточкалары туура эмес болуп, ача албай кыйналабыз. Терезелер чоң болгондуктан жылуулуктун баары чыгып кетип, жазында окуучулар сырдап убара болуп, жууганда да өтө оордук болчу. Эмдиги жылы пластик терезе болуп, жылуу жакшы жагдай түзүлөт деп ойлойм”, – деп өз оюн билдирди Ороз Саадабаев.
Даярдаган: Чынтурсун Турдуматов
Редактор: Айгерим Кубатбекова
Сынак үчүн
НС