Бүгүнкү биздин каарманыбыз ишкер айым Розухан Нарматова 1 жылдан бери айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылат. Айыл өкмөтү тарабынан ачылган ашканада түрдүү тамак-аштарды жасап эмгек кылат.
Роза Нарматова өүнүн ишкердүүлүгү тууралуу мындай деди.

“Ашкананы иштетип келгениме бир жыл болду. Надиров мектебинде иштедим. Буга чейин бул жер жаман абалда болчу, өкмөт бизге ачып берди. Ичинде баардык шартары бар газ, муздаткыч, плита баары талапка жооп берет. Мен өзүм иштеймин анан семинар чогулуш болуп калганда өкмөттүн ишчилери жана жетишпей калганымда келиним келип жардам берет. Келишим менен иштейм патент төлөйм салыгын берем. Ушул жерде иштеп пенсиага чыксам деген оюм бар”, — деди ал.
Мыктыбек Паяз уулу аталган ашканага күн сайын келип тамактанат. Анткени Роза эженин тамактары даамдуу жана баасына татыктуу деп эсептейт.
“Башка ашканаларга салыштырмалуу жакшы. Көбүнчө эки, үч тамак жасайт эмнени буюртма берсен ошону жасап берет. Бизге жакшы мамиледе болот. Кандайдыр бир чырчатак чыгып кетсе Роза эже бизди түшүнөт.”

Ишкер айымдын ашканасына келип тамактангандар абдан көп. Алардын бири айыл өкмөтүнүн компьютердик технологиялар боюнча адиси Айнура Кочкорова тамактардын даамдуу жасалганы, тазалыгы боюнча мындай деди.
“Санитардык жактан ар дайым таза. Ар кандай тамак жасайт экинчи биринчи, коюу тамак, суюк тамак жана ар кандай салаттарды жасайт. Роза эже аябай жакшы бизге ардайым жакшы мамиледе болот.”
Бүгүн биз “Менин ийгилигим ” долбоорунда “Ишкер айым” Розухан Нарматованын ишкердүүлүгү туурасында маек курдук. Кийинки уктуруубузга чейин аман туруңуздар.
Даярдагандар: Маматов Рысбек, Марлен Жамалов.