Азыркы учурда көпчүлүк үй-бүлөлөр бюджетин туура пландай албай, ар кандай көйгөйлөргө туш болууда. Мисалы, карызга батып же бир ишти баштоо үчүн каражат таба албай калышууда. Бирок ошол эле учурда үй-бүлөдө кирешени туура пландап, бөлүштүргөн үй- бүлөлөр да аз эмес.
Кызыл- Булак айылында үй куруу көпчүлүк үй- бүлөлөрдун маселеси, анткени жер титирөөдөн кийин үйлөр жарактан чыгып калган. Учурда үй куруу менен алектенип жаткан Исмановдордун үй- бүлөсү кирешени кантип бөлүштүрүп жана кантип туура пайдалангандыгы жөнүндө билип көрдүк:

“Мен өзүм пенсионермин, бирок учурда иштеп жатам. Үй-бүлөдө кемпирим, балам жана келиним болуп баарыбыз иштейбиз. Баарыбыздын айлыгыбыз 22500 сом болот. Бул акчанын чектелген эрежеси бар. Балам үй куруп баштап алган, учурда кредит төлөйбүз. Балам экөөбүздүн тапкан акчабыз кредитке кетет. Кемпирим менен келинимдин тапканы үйдөгү тамак –ашка жумшайбыз. Кудайга шүгүр жетет бизге. Акчаны ушинтип бөлүштүрөбүз. Бул куруп жаткан үйүбуздү бүтүп алсак, анан баламды бөлөт элек. Балдары жаш, аларды окутуу керек дегендей. ”

Абиба Эгембердиева бул уй булонун кожойкеси. Учурда ал ата-эне катары милдеттеринен кутулуп, неберелерине той берууну пландаштырып жатканын билдирди:
“Учурда кредит төлөйбүз. Үйдө баарыбыз бири-бирибизге колдоо көрсөтүп турабыз, кимге эмнеге акча керек болсо чогуу чечебиз. Эми үйдү бүтүп алсак, неберелериме сүннөт той жана үй той кылат элек деген планыбыз бар.”

Исмановдордун уй булосундо дагы каражат булагы, уулу Сейит Исманов. Ал учурда Туштук –Кыргыз Кулбото заводунда машинист болуп иштейт. Анын айтымында, акча каражаты уй булосуно жетиштуу:
“Үйдө каражат жетиштүү буюрса, келинчегим экөөбүздөн артканын балдарга кийим-кече алабыз.”
Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Исмановдор алдыга койгон максатына жетүү үчүн, кошумча насыя алышкан. Аны алар өз убагында туура пайдаланып, кайра төлөп берип жатышат.
Даярдаган: Марлен Жамалов