Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы жеке ишкер Урмат Табышовдун тоок фермасы иштеп жатат.
Бул тууралуу Урмат Табышов буларга токтолду:
«Биз айыл элин жумуртка менен камсыз кылып жатабыз. Башка жерден кымбат жумурткаларды алгандан көрө, өзүбүздүн айылыбыздан сапаттуу, арзан жумуркаларды алсын деп ушу тоок фермасын үй-бүлөбүз болуп ачтык. Тоок фермасынын бардык куралдарын жана тоокторду өзүбүз сатып алып койдук. Буюрса жумуртканын өтүшү жакшы болуп жатат.»
Даярдагандар: Аман Шаршенбеков, Адилет Курманбеков