Райондук маданият үйүндө «Ааламдын көркү аялзат» аттуу концерттик программа маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жалпы 250 айымга жагымдуу маанай тартуулашты.
Райондук администрация башчысы акимдин милдетин аткаруучу Улан Иманбердиев өз куттуктоосунда: «Урматтуу энелер, эже карындаштар! Жүрөгүңүздөрдөн чыккан жылуулук жана камкордук турмуштун оор жагдайларына күчүнө күч, демге дем кошуп, үмүт тилегин узатып, келечекке ишеним арттырат. Аялзаты табиятынан кандай тармак болбосун жөндөмдүү, айымдардын талыкпас эмгеги менен ар кандай турмуштук кырдаалдан сабырдуулугу менен бүт үй бүлөгө аруулук алып келген.
Аялзаты биз үчүн ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй бүлө куту болуп келген жана боло берет! Аялзат биз үчүн мээрман эне, асылкеч жар, жароокер кыз. Аялзаты баарынан сиздер ыйык, сиздер кымбатсыздар!»-деп токтолду.
Мындан сырткары, айыл аймактардын өкмөт башчылары, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Гүлжамал Шайнаева энелерди куттукташты.
Кечеге чакырылган аялзатына райондук администрация жана айыл өкмөт башчылары тарабынан майрамдык белектер тапшырылды. Бир катар алдыңкы айымдарга раймамадминистрациянын, айыл аймактардагы өкмөт башчыларынын, Кыргызстан аялдар конгрессинин, сыйлыктары ыйгарылды.
Жазгүл Машаева