Талас облусунун Улуттук Манас-Ордо комплексинде 13-15- август күндөрү «Бирге окуйбуз» лагери уюштурулду. Лагерь «Ак-Дөбө» жаштар борбору тарабынан ишке ашырылды.
Бул үч күндүк лагерде, жаштар лидерлик сапаттарын жогорулатып, жаштарды китеп окууга кызыктыруусун өркүндөттү. Лагерде жаш өспүрүмдөрдү зордук-зомбулуктан алыс болууга үгүттөө, жакшы жолго багыттоо өзгөчөлөнүп өтүүдө. Балдарга ийгиликтүү инсандардын кадамдары тууралуу мисал кылынып тааныштырылды. Иш-чаранын алкагында, бир нече китептер тандалып, катышуучулар окуугандан соң ортодо талкуу жургүзүштү.
Лагерь алкагында, ар бир күнү атайын коноктор чакырылып, кызыктуу суроо-жооп менен маектер болду. Атайын коноктор болуп Талас облусунун губернатору Марат Мураталиев, Бакай-Ата районунун акими Чолпон Торокулов, жаш активист кыз Айгерим Алымкулова жана башкалар катышып, кызыктуу маек курушту.
«Долбоор алкагында, балдарды китеп окууга кызыктырууну көздөгөнбүз. Китеп окуу программада бар, ал дагы камтылган. Балдарды туура жолду тандап, өздөрүн ар кандай багытта өнүтүрүүгө жол көрсөтүү максатын камтыганбыз», — деп өз оюн «Ак-Дөбө» жаштар борборунун башчысы Кайрат Сагынбаев айтып өттү.
Лагерде балдар эртен менен саат 9дан кечки 6га чейин болушту. Алардын тамак-ашын жана барып-келишин уюштуруучулар көздөгөн. Бул долбоор Бакай-Ата районуна караштуу, Ак-Дөбө айылынын лидерлери тарабынан уюштурулган.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова