Ак-Талаа районунун Баетов айылында К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө «Алиппе», «Адабий окуу», 3-класстын «Кыргыз тили» китебинин автору, Педагогика илимдеринин доктору, профессор, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сулайман Рысбаев жана «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков менен айылдын тургундары жолугушуу өткөрүштү. Аталган жолугушууда терс сапаттардан арылуу, арактын жаман жактары, китеп окуу тууралуу, дегеле ийгиликке жетүү үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу айтылды. Ошондой эле тургундар кызыккан суроолорун беришип, жооп алышты. Ыраазычылык каттар тапшырылып, айылдын тургундары жолугушууну уюштургандарга ыраазы болуп кайтышты.

Даярдаган: Муктарова Аймырза