Ак-Талаа районунун Куртка айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинде 16-январь күнү «Ата-энем менен бирге» аталышындагы конкурс болуп өттү. Аталган конкурска 8 окуучу катышып, 2 окуучу атасы менен, 6 окуучу апасы менен сынакта таймашышты. Жыйынтыгында 8-классынын окуучусу Эмил кызы Гүланда, апасы Жакыпова Майрамкүл менен баш байгени камсыз кылышты. Ал эми 1-орунду 5-классынын окуучусу Токтосунова Алтынай жеңип алды. Ошондой эле 3-класстын окуучусу Абылгазиев Чыңгыз, апасы Нурзат менен 2-орунду, 3-класстын окуучусу Бакытбеков Дөөлөтбай, апасы Назгүл менен 3-орунга ээ болушту. Орун алган катышуучулар атайын диплом жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Аталган орто мектептин социалдык педагогу Кулманбетова Мээримдин айтымында бул иш чаранын максаты ата-эне менен баланын мамилесин жакындатуу, балага көнүл буруу, таланттарын колдоо максатында эки жылдан бери өткөрүлүп келет. Былтыр Аманбай кызы Аделина баш байгеге ээ болгон жана быйыл баш байгени тапшырды. Ошондой эле сынакка айылдын соц.кызматкери Ж.Ѳмүрканова, Аманбай кызы Аделина, «Бөбөктай» бала бакчасынын башчысы Ж.Мурсалиева жана мектептин уюштуруучусу Абдраимова Айнура демөөрчүлүк кылышкан.
Даярдаган: Муктарова Аймырза