Сүлүктү шаарында «Ак кар» майрамы белгиленди. Көптөгөн жылдар бою, кыштын акыркы күндөрү белгиленип келген майрам, 2019- жыл үчүн бүгүн белгиленди.
«Күн чайыттай ачык, аппак карда үй-бүлөбүз менен активдүү эс алууну уюштурдук. Өзгөчө кичинекей бөбөктөр ат чанага түшкөндө кубанычы койнуна батпай жатат. Ар ким каалагандай эс алып жатат, лыжа, чана тепкендер, аркан тартыш, бута атуу, кыскасы сүлүктүлүктөр өттө сонун эс алып кайттык»,- дейт жергиликтүү тургундардан Барчынай Алимова.
Даярдаган: Канайым Абдигапарова