Орто мектепти бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөө боюнча жыйынтыгы чыкты. Быйыл окуу жылынын бүтүшү менен жалпы республикалык тестирлөөгө Ак-Талаа району боюнча 353 окуучу катышкан. Булардын ичинен 194 окуучу 110дон ашык упай алышса, 150 окуучу босого упайга жетпей калган.
Бул бүтүрүүчүлөрдүн жалпы билим сапатынын 56% көрсөтөт. Мындан сырткары, райондогу Э.Мейманов атындагы орто мектебинин 2 окуучусу Сезим Алмазбекова 218, Шаа-Хан Бейшенбек уулу 213, С.Жусупбаев мектебинен Арууке Жаныбекова 202, М.Базаркулов атындагы орто мектебинен Азема Жапсарбаева 202 упай алышкан.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Эсеналиев: “Окуучулардын тестирлөө боюнча жыйынтыгы былтыркыга салыштырмалуу жакшы. Окуучулар окуу жылын аралыктан окуу менен аяктаса дагы жакшы көрсөткүчтөрдү бере алды. Албетте мугалимдердин дагы эмгеги зор”- дейт.
Жогорку окуу жайларга тапшырууга 10 кеңеш
Барчын Мамытбекова