Ат-Башы районунда жылына 3,5миллион кирпич чыгарган заводунун ачылуу аземи болуп өттү. Ат-Башы ири кирпич заводу 2016-жылы негизделип, Ак-Жар айыл өкмөтүнөн 5 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Анын бир жыл ичиндеги сезондук өндүрүмдүүлүгү 3,5 миллион кирпичке жетет.
Аталган заводдун курулушу жеке ишкер Таласбек Стамакунов тарабынан жыйынтыкталып, азыркы күндө күнүнө 25 миң кирпич чыгарып баштады.

Өндүрүлгөн кирпичтер
Бул жерде иштеген жумушчуларга шарт түзүп берүү максатында 11 бөлмөлүү үй, заманбап мончо курулган, заводдо 50дөй адам эмгектенип жатышат.

Жумушчулар үчүн салынган үй

Салтанатты Нарын облусунун губернатору келип ачты
Иш чара Ат-Башы районунун 90 жылдыгына арналган долбоорлордун алкагында ишке ашып, ачылуу аземине Нарын облусунун губернатору Эмилбек Алымкулов, Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров, орун басары Максат Кадыркулов жана айыл аксакалдары келип катышып, ишкерге ийгилик каалап кетишти.

Ачылыш аземи
Кирпич ишканасын куруу үчүн жеңилдетилген пайыз менен РСК банкынан 7 200 000 сом, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 470 000 сом өлчөмүндөгү насыялар берилди. Андан тышкары жеке ишкер Таласбек Стамакунов өз каражатынан 19 330 000 сомду чыгарган.

Жалпы курулуш иштерине 33 миллион сом сарпталган
Кирпич өндүрүүнүн негизги максаты — Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорун сапаттуу бышкан кирпич менен камсыздоо.

Кирпич бышырчу печканы көрүү учуру
Мындан мурда райондун акими 90 жылдыкта той эмес 90 долбоор ишке ашат деген.
Асель Уркунбаева