Ак-Талаа районунун Баетов айылында композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдык мааракесин утурлай бир катар спорттук жана маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө. Атап айтсак, Терек айылында “Ак-Талаа жаштары” коомдук бирикмеси тарабынан спорттун кичи футбол түрү боюнча жаштар арасында мелдеш уюштурулду.
Ага райондун аймагындагы айылдардын футбол командалары катышып, спорттун аталган түрүндө даярдыктарынын жакшы экендигин көрсөтө алышты. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду талаа ээлери-Терек айылынын оюнчулары камсыз кылышып, байгесине бир миң сом менен бир козуну ала кетишти. Ал эми 2-орунга Баетов айылынын командасы ээ болуп, 2500 сом менен сыйланды. 3-орунга чыккан Үгүт айылынын оюнчуларына 1500 сом акчалай сыйлык берилди. Жеңүүчү болгон бардык командаларга мындан сырткары Нарын облустук Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан диплом жана баалуу белектер берилди.
Коомдук бирикменин жетекчиси Токтосанат Сапарбековдун айтымында мындай айыл аралык мелдештер жаштар ортосундагы ынтымакты, биримдикти бекемдөө менен бирге Калый Молдобасанов өндүү залкар инсандардын өмүр жолунан үлгү алуу аркылуу элге кызмат кылууга чакырат.
Ушул эле күнү Калый Молдобасанов атындагы орто мектете композитордун өмүрү-чыгармачылык жолуна арналган адабий музыкалуу кече өттү. Ага мектеп окуучулары, мугалимдери ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев, акимдин орун басары К.Карагулова катышты. Конференцияны КРнын Эмгек Синирген мугалими Айна Осмонова алып барды. Иш-чаранын жүрүшүндө композитордун өмүрү-чыгармачылык жолу, туурасында билдирүүлөр жасалып, дүйнөлүк классикадагы жана кыргыз музыкасындагы орду тууралуу кеңири айтылды.
Ал эми Баетов айылындагы Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленди. Иш-чарада окуучулар улуу композитор тууралуу даярдалган чакан сценалык көрүнүштөрдү тартуулашты. Ошондой эле композитордун калемине таандык чыгармалар уктурулду.
Ушундай эле иш-чара Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинде да өтүп, анда композитордун чыгармалары жаңырды.
Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова