Ак-Талаа райондук тарых музейинде мына ушундай аталыштагы эскерүү кечеси болуп, ага мектеп окуучулары, айыл тургундары жана аксакалдары, мугалимдер катышты. Кече Эмгек Кызыл Туу, “Даңк” медалынын ээси персоналдык ардагер Дегенбаев Дүйшөнүн 90 жана Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендеринин ээси Эдигеев Кадырбектин 80 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Музейдин директору Мыктыбек Апилов эскерүү кечесинин максаты тууралуу: “Элибизге эбегейсиз эмгек кылган, өз учурунун мыкты инсандары болгон Дегенбаев Дүйшө жана Эдигеев Кадырбек өндүү аталарыбыздын баскан жолу, элине жасаган зор эмгектери аркылуу келечек муунду эмгекке, эли-жерине ак кызмат кылууга тарбиялоо. Ак-Талаанын акылман, эмгекчил ардагерлеринин өмүр жолу-жаш муундарга ар дайым өрнөк”,- деди.

Ошондой эле кечеде эскерүү ээлеринин эмгектери тууралуу музей кызматкери Эльмира Мурзалымбекова кенири баяндама жасады.

Андан соң жакшы билген айыл тургундары, туугандары сөз сүйлөштү.


Даярдаган: Мирлан кызы Уулбү