Ак-Талаа районунда “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата “Манас жана маданият” фестивалы 9-июнда өтөт. Аталган иш-чара райондун борбору болгон Баетов айылындагы Адилет паркында өтмөкчү.
Учурда ага даярдыктар көрүлүп, паркта боз үйлөр тигилди. Ошондой эле алыскы жерден да меймандардын келиши күтүлүүдө.


Фестивалдын жүрүшүндө болуучу театрлаштырылган оюн-зоокту режиссер Тынчтык Бугучиев даярдоодо. Салт катары жыл сайын Соң-Көл жайлоосунда өткөрүлүп келген фестивалга бул жолу бардык айыл өкмөттүн жана мекеме-ишкананын өкүлдөрү катышат.
Акимдин орун басары Ж.Мамбетованын айтымында, фестивалдын жүрүшүндө кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө-жарманке, улуттук тамак-аш жана жаа атуу өнөрү боюнча мастер класс өтүлөт. Ал эми спорттук оюндар бүгүн башталды.
Даярдаган: Г.Мамытбекова
Сүрөттү тарткан: Э.Кубанычбекова