Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылында улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ал Нурак Абдырахманов атындагы айылдык клубда уюштурулуп, айыл аксакалдары катышты. Иш-чарада айыл өкмөт башчы Алмаз Абдылдаев майрамы менен куттуктап, алардын айылдын өнүгүшүнө кокшон салымдары зор экенин белгиледи.
Тоголок Молдо айыл аймагынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Жыпариза Өмүрканованын маалыматына караганда жергиликтүү бюджеттен улгайган адамдардын күнүн белгилөөгө 170 миң сом каралган. “Аймакта 200дөн ашык улгайган адамдар бар. Аларга концерттик программа тартууланып, сый дастаркондо даам сызышты”-деди Ж.Өмүрканова.
Эске салсак, бүгүн 1-октябрь Улгайган адамдардын Эл аралык күнү. 1990-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан улгайган адамдарга көңүл буруу максатында уюшулган.
Барчын Мамытбекова