Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылында майрамдык иш-чара уюштурулуп, анда кыргыз спортуна салым кошуп, өлкө желегин дүйнөгө желбиреткен балбандарга, Мекен чегинде кызмат өтөгөн жарандарга Тоголок Молдо айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.
Атап айтканда, машыктыруучу Алмаз Кайыпов; Кыргыз желегин дүйнөлүк мелдештерде желбиреткен, алтын медаль ээлери Асан уулу Өмүрбек, Абдымалик Карачов, Асель Токтосун кызы; Дастан Русланов Казакстанда өткөн Көчмөндөр оюнунда Көк бөрү оюнунда алтын медалдын жеңүүчүсү жана УКМКнын чек ара кызматы, Чүй чек ара башкармалыгынын командиринин орун басары Омурсадык Бекмуратовго тапшырылды.
Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен чемпиондордун машыктыруучусу
Алмаз Кайыповго-10.000;
Балбандар: Өмүрбек Асан уулуна-100.000
Абдумалик Карачовго-75.000
Асель Токтосун кызына-75.000
Төлөгөн уулу Афтандилге-30.000
Казакстанда өткөн Көчмөндөр оюнунун жеңүүчүлөрү:
Жекшен Турдубековго-50.000
Бердибек уулу Ислам-50.000
Русланов Дастан-50.000
Көк бөрү оюнунда мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн:
Бакай Мирбек уулуна-10.000
Тобокел Жамгырчы уулуна-10.000
Дөөлөтбек Нурманбетовго-10.000 сомдун сертификаттары тапшырылды.
Барчын Мамытбекова