Ак-Талаа районунда айыл чарба кызматкерлеринин күнү санитардык нормаларды сактоо менен чакан чөйрөдө белгиленди. Аталган салтанатка райондун аймагындагы алдыңкы фермер-дыйкандар, механизаторлор, айыл өкмөт башчылары жергиликтүү бийлик жана облустун айыл чарба тармагындагы өкүлдөрү катышты.

Майрамдык салтанатка келген айыл чарба кызматкерлери


Айыл чарба кызматкерлери
Райондун акими Сейтек Кулубаев куттуктоо сөз айтып, райондун аймагындагы айыл чарба тармагындагы жасалып жаткан иштер, демилге кылуучу иштер тууралуу кеңири токтолду.

Сейтек Кулубаев Райаким
“Быйыл аграрчылардын, айыл чарба адистеринин, механизаторлордун эмгегинин натыйжасында дан эгиндеринен мол түшүм алынды. Алып айтсак, Жаңы-Талап айылындагы “Жакаш” үрөн чарбасында арпанын түшүмү 50 центнерден ашыгырак айланды. Ошондой эле, эгин аянттарын суу менен камсыз кылууда суу чарба башкармалыгынын дагы кызматы абдан маанилүү роль ойноду».
Андан соң, район жетекчиси айыл чарба тармагындагы бир катар механизатор, фермерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Алдыңкы айыл чарба кызматкерлерине сыйлык тапшыруу

“Ардактуу Атуул” наамын алгандар
Мамытбек Асаналиев (Көк-Жар айылы, фермер)
Аскарбек Нусупов (Чолок-Кайың айылы, фермер)
Алтыбай Кулубаев (тоголок Молдо айылы, фермер
Жуман Акулиев (“Алтын Дан” акционердик коомунун директору)
Дайыркан Мурзакеев (Баетов айылы, фермер)
Акылбек Бексултановго ( Жаны-Талап айылы, фермер) берилди.
Мындан сырткары, 15 фермер, механизатор, комбайнерлорго Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы жана 10 айыл чарба тармагынын өкүлдөрүнө Ыраазычылык кат тапшырылды.
Акталаада жаңы үйлөнгөн жаштар үчүн эс алуучу жай ачылат
Барчын Мамытбекова