2020-жылдын 6-ноябрында жогоруда аталган айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү менен муниципалдык кызматтарды жакшыртуу максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Ооган-Талаа айылында окуу тренинг өткөрүлдү.
ACTED уюму, ЦПГО — «Жалал-Абад жарандык коомду колдоо борбору» коомдук фонду менен биргеликте, Базар-Коргон районунун Арстанбап, Бешик — Жон, Талдуу — Булак жана Могол айыл аймактары менен кызматташып келет.
Долбоордун негизги максаты, бийлик менен жеке сектордун жана жергиликтүү калктын ортосунда диалог түзүү аркылуу социалдык-экономикалык абалын оңдоого, ишкердиктин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Тренингдин катышуучулары тарабынан айылдагы таштандыларды чыгаруу маселеси талкууланды. Тренингдин уюштуруучулары бул маселелерди кандай кылып чечүү керек, кайсыл жактарга кайрылып каржылык колдоо алса болот, кайсыл мамлекеттик уюмдардан уруксат кагаздарын бүтүрүү керектиги тууралуу маалымат беришти.
Бул маселени Могол айыл аймагы 2 жыл бою чечүү аракетин жасашат. Бирок бул ишти уюштуруу үчүн атайын техника алынып жана 2-3 жумушчу жалдануусу зарыл, ошондой эле таштарды таштоочу контейнер алуу керек экендиги айтылып келет.
Могол айыл өкмөтү таштанды ташуучу техника жана таштанды ыргытууга урналарды алып берүүнү суранышты.
Бирок тренерлер чогулган таштандыны эмне кылуу керек деген маселени көтөрүп чыгышты:
«Макул алып берели, таштандыларды таштанды чогултуучу жайга ыргыталы. Бирок 5 жылда толуп, жада калса, сайды тосуп калат. Толгондо кайсы жака алып барабыз таштадыларды? Демек Арстанбап, Могол, Талдуу-Булак айыл аймагында биринчи таштандыларды кайра иштетүү иш канасы ачуу керек», — дейт тренерлер.
Көк Танды айылынын тургуну Абдылаким Мамарасуловтун айтымында:
«Бул долбоорго 2 -3 айдан бери катышып жатабыз, окуп билип. Чоң өзгөчүлүктөрү көп экен. Кудай буйруса ушул проекттерди, долбоорлорду түзөбүз. Коомчулукка, элге көп пайдасы тие турган долбоор экен.»
«Бүгүнкү күндө Аксы районунда кичи логистикалык борбор ачуу долбоору аяктап жатат, бирок азырынча иш баштай элек. Ал логистикалык борборду кооператив жеке ишкерлерден түзүлгөн кооператив иштетет. Ал айыл өкмөт тарабынан конкурс жарыяланды, ошол конкурсту ким жеңип алса ошол иштетет. Логистикалык борбору ижарага берилет кооператив же жеке ишкерге. Азыр процесс жүрүп жатат толук кандуу ишке кирген жок»,- дейт Танзила Сатимова, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун жетекчиси.
Бул долбоор Могол, Арстанбап жана Талдуу-Булак айыл аймактарынын тургундарына да алгылыктуу ийгиликтерге жетишүүгө көмөк көрсөтөт деген ишеничтебиз.
Мугалимдер сапатуу билим берүү үчүн программаларды үйрөнүштү
Аймээрим Саитжанова