Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылында жаңы жылды утурлай «Жыл мыктылары — 2021» аталыштагы салтанаттуу иш-чара белгиленип, бир катар айылдын алдыңкылары сыйланды.
Аталган айылдын айыл өкмөтүнүн адиси Самат Каармановдун айтымында, айыл өкмөтү жана «Жогорку-Май» коомдук бирикмеси менен биргеликте иш-чара белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө айылдын коомдук өнүгүүсүнө салым кошкон тургундарга «Жылдын мыктысы» статуэткасы, ыраазычылык каттар жана ардак грамоталар ыйгарылды.
Алсак, «Ардактуу мугалим» номинациясы менен Дамира Агишова,
«Мыкты мугалим» номинациясы менен Жыпар Мырзалиева, «Мыкты мугалим» номинациясы менен Адилбек Көчөрбаев,
«Мыкты жетекчи» номинациясы менен Чүрөк Касымова,
«Мыкты тарбиячы» номинациясы менен Айнура Жумабаева,
«Мыкты кызматкер» номинациясы менен Перизат Ашымова,
«Жаш ишкер» номинациясы менен Байыш Токтожума уулу,
«Жаш спортчу» номинациясы менен Дастан Русланов,
«Үлгүлүү үй-бүлө» номинациясы Адис Ашымов жана жубайы Айзада Майлыбашева,
«Үлгүлүү үй» номинациясы менен Сталбек Арпачиев,
«Таланттуу үй-бүлө» номинациясы менен Жеңишбек Басылбеков жана Нагима Токтосунова,
«Ардактуу асыл апа» номинациясы менен Токтокан Көчкөнбаева,
«Кадырман карыя» номинациясы менен Улукбек Саабаев,
«Эл сыймыгы» номинациясы менен Максат Ибраимов,
«Жаш активист» номинациясы менен Карлыгач Эсенбек кызы сыйланды.
Салтанаттуу иш-чара айылдын өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Барчын Мамытбекова