Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылында «Коңорчок айылына 90 жыл» деп аталган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Динара Исамамбетова, методикалык кабинетинин башчысы Чынара Сатындиева, айыл өкмөт башчысы Таалайбек Боталиев, Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинин директору Айбек Кожоев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чаранын алкагында айылдын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар жигердүү жарандар сыйланды.

Салтанатка катышкан айыл тургундары
«Жылдын мыкты мурабы» номинация менен «Шырдакбек» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мурабы Таалайбек Мамбетакунов, «Мыкты ишкер» номинациясы менен Таалайбек Исамамбетов, «Мыкты мугалим» номинациясы менен Акима Асанакунова сыйланды. Ал эми айылдык кеңештин ыраазычылык каты менен мурунку айыл өкмөт башчылары Курманбай Сатындиев, Арстанбек Акиев сыйланса, ошондой эле COVID-19 илдетине каршы күрөшүү жана элдин саламаттыгы үчүн эмгек кылган фельдшердик-акушердик пункттун эмгек жамаатына тапшырылды.

Салтанатта алдыңкы окуучулар дагы сыйланды

Салтанатта айыл өкмөттүн ыраазычылык каты тапшырылды


Мындан тышкары, окуучулар арасында «Айылым 90 жашта» аталыштагы дилбаян жазуу сынагында 1-орунду Фатима Каныбекова, 2-орунду Сезим Эрнис кызы, 3-орунду Нуркан Бейшенбаева камсыздагандыгы үчүн грамота жана китептер менен сыйланышты.
Аталган салтанаттуу иш-чара айылдын өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Барчын Мамытбекова